Кабар жана жарыялар

2020-2021-окуу жылы үчүн академиялык кызматкерлерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруусу

 

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНИН
2020-2021-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН  АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ
ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ
Факультети Бөлүмү Кызматы Саны Талаптар
Гуманитар-
дык
факультет
Философия профессор 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Герменевтика, экзистенциализм, түрк философиясы жана билим берүүнүн
философиясы тармагында илимий эмгектеринин болушу шарт.

доценттин м.а. 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү.
Синхрондук
котормо
доцент 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Англис филологиясы, тил илими жана англисче синхрондук котормо багыты боюнча илимий даражага ээ болуу.

Тарых профессор 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Англис, немис, түрк тилдериндеги булактарды колдонуу жана дисциплиналар аралык илимий иштерди жүргүзүү компетенциясына ээ  болуу.

1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Байыркы жана орто кылымдагы кыргыздардын этно-саясий жана этно-маданий тарыхы,
Борбордук Азиянын тарыхый географиясы жана орто кылымдагы Борбордук Азиядагы түрк элдеринин тарыхы боюнча сабак өткөрүү
компетенциясына ээ болуу.

адис 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Археологиялык-этнографиялык музейде иштөө компетенциясына ээ болуу.
Түркология профессор 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Диахрондук, синхрондук жана салыштырма тил илиминин ыкмаларынын жардамы менен дисциплиналар аралык илимий иштерди жүргүзүү компетенциясына ээ болуу.
доценттин м.а. 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Орто кылымдагы түрк тилдери (осмон, чагатай, хорезм жана кыпчак тилдери)
боюнча сабактарды түркчө жана кыргызча өткөрүү жана бул жаатта илимий иштерди жүргүзүү компетенциясына ээ болуу.

Көркөм өнөр факультети Сүрөт ага окутуучу 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Живопись жана дизайн" багыты боюнча бакалавр жана магистр даражасындагы дипломдорго ээ болуу;
Түрк тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификатка ээ болуу;
Чет тилин билүү талабы коюлбайт.
Театралдык
өнөр
1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Театралдык өнөр" багыты боюнча магистр даражасына ээ болуу;
бакалавр даражасы болсо, кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы болушу шарт.

Чет тилин билүү талабы коюлбайт.

Экономика жана башкаруу факультети Эл аралык
мамилелер
доценттин м.а. 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Эл аралык мамилелер" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу;
Эл аралык мамилелер жана эл аралык коопсуздук тармактарында илимий эмгектеринин болушу жана аталган тармактарда англис жана түрк тилдеринде сабак берүүсү керек.

Коммуникация факультети Журналистика ага окутуучу 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Журналистика" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу.
Эл аралык журналистика жана жаңы медиа жаатында илимий эмгектеринин болушу шарт.

Коом менен байланыш
жана
реклама
доценттин м.а. 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Коом менен байланыш жана реклама" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу;
имиджди башкаруу жаатында илимий эмгектеринин болушу шарт.

ага окутуучу 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Коом менен байланыш жана реклама" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу.
Стратегиялык коммуникация жана коом менен стратегиялык байланыш жаатында илимий эмгектеринин болушу шарт.

Радио, ТВ
жана кино
доценттин м.а. 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Радио, ТВ жана кино" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу.
Документалдык тасма жаатында илимий эмгектеринин болушу шарт.

ага окутуучу 2 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Радио, ТВ жана кино" бөлүмүн жана "Коммуникация" багыты боюнча магистр даражасына ээ болуу;     
оператордук чеберчилик жана монтаждоо жаатында иш тажрыйбасынын болушу шарт.
Инженерия факультети Компьютер инженериясы доцент 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү.
Экологиялык инженерия доцент 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү.
ага окутуучу 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Экологиялык инженерия" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу.
Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби Ресторан
иши
жана
кулинардык
өнөр
профессор 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү.
"Ресторан иши жана кулинардык өнөр" багытында сабак берүү тажрыйбасынын жана илимий эмгектеринин болушу шарт.

Саякат
иши
жана гид кызматы
доцент 1

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү.
Туруктуу туризм, экотуризм жана туристтик маршруттарды аныктоо жаатында илимий эмгектеринин болушу шарт.

Чет тилдер жогорку мектеби Чет тилдер окутуучу (орус тили) 2

Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
орус тили жана адабияты, орус тили жана адабияты мугалими багыттарында магистр даражасына ээ болуу;
эгерде аталган багыттарда бакалавр даражасы болсо адистиги боюнча кеминде 3 жылдык  окутуучулук тажрыйбасынын болушу шарт.
Чет тилин билүү талабы коюлбайт.

Кесиптик жогорку мектеп Маркетинг доценттин м.а. 1 Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
"Менеджмент" багыты боюнча илимий даражага ээ болуу.

Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (14-28 август, 2020) КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын  тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ага окутуучу, окутуучу жана адис кызматкер кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), өздүк баракча, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, кадрлар башкармалыгы (112-каб.)
Электрондук дарек :  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35
Эскертүү: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын"  жана "КТМУга ишке алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (http://manas.edu.kg/index.php/tr/ktmu-emevzuat)  негизинде каралат. Талапкер жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.