Кабар жана жарыялар

Жолубузду Улуу Памирден баштадык

 

 

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Улуу Памир кыргыздары менен жолукту.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору кызматына дайындалган профессор, доктор Алпаслан Жейлан Кыргызстанга келе жатып, кыргыздар отурукташкан Вандын Эргиш аймагына караштуу Улуу Памир айылына кайрыла келген.

“Кыргызстанга болгон терең сүйүү жана урматыбызды Эргиш-Улуу Памирден баштадык”, - деп ректор аталган айылдагы кыргыз туугандарынын үйүндѳ конок болуп, ѳткѳндѳргѳ багыштап куран окуп, аксакалдардын батасын алып, айылдын дасторконунан даам сызып, эл менен кеңири баарлашып кайткан.

“Ата Журтуна жолдогон саламдарын алып келүү биз үчүн маанилүү максаттардын бири. Улуу Памир айылында жашаган кыргыз бир туугандарга буга чейин кѳрсѳткѳндѳй эле, мындан кийин да социалдык-экономикалык жана маданий багыттагы колдоолорубуз улана берет”- дейт ректор, профессор, доктор Алпаслан Жейлан.

 

Мына ушундай кѳңүл жылыткан жолугушуулардан соң ректор, профессор, доктор Алпаслан Жейлан ѳз ишин 18-августтан тарта баштады.

 

Медиа Манас

 

http://mediamanas.kg/lang-ky/3539-rektr-prof-dr-ceylan-ulupamirden-ktk-yola.html