Кабар жана жарыялар

Ректордун Президентке ыраазычылык билдирүүсү

 

Урматтуу Президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын Кара деңизде, тарыхыбыздагы эң чоң жаратылыш газынын табылгандыгы жөнүндө жакшы жаңылыкты кабарлаганы бизди аябай кубандырды.

Экономикабызды мурдагыдан да күчтөндүрүп, мамлекеттин экономикалык көз карансыздыгын натыйжалуу бекемдей турган бул жакшы жаңылык үчүн урматтуу Президентибизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ушундай чоң өнүгүү кадырман элибизге жана өлкөбүздүн өнүгүү жолун ар дайым колдоп келген боордош өлкөлөргө да пайдалуу болушун тилейбиз.

 

Профессор, доктор Алпаслан Жейлан

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору