Кабар жана жарыялар

Тилден бошотуу жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруусу

Чет тилдер жогорку мектебинин

Тил үйрөтүү бөлүмү башчылыгынын

Тилден бошотуу жана Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруусу

Сынакты баалоо ыкмалары;

a) Оозеки сынак (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү Кыргызстан убактысы боюнча 10.00–14.00 сааттар аралыгында сынак комиссиясы даярдаган темалар боюнча Google Meet программасы аркылуу (жаздырылган) оозеки сынак;

б) Дилбаян сынагы (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү сынак комиссиясы даярдаган үч дилбаян темасынан бирөө (1) студент тарабынан тандалып, ошол эле күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 15:00дөн 16:30га чейин жазылып, окутуучусунун электрондук почтасына же болбосо Whatsapp аркылуу жиберилген жазуу түрүндөгү дилбаян сынагы;

 

2020-2021-окуу жылынын Тилден бошотуу (англис тили) жана Тил деӊгээлин аныктоо (орус тили / кыргыз тили) сынактарынын өткөрүлө турган күндөрү жана убакыттары төмөндөгүдөй:

(Сынактар Кыргызстан убактысы боюнча өткөрүлөт.)

 

Тилдер

Сынактын өтүү убактысы

Сынактын өтүү күнү

1

Түрк тили

Оозеки

10.00-14.00

Жазуу

15.00-16.30

08.09.2020

2

Кыргыз тили

Оозеки

10.00-14.00

Жазуу

15.00-16.30

09.09.2020

3

Орус тили

Оозеки

10.00-14.00

Жазуу

15.00-16.30

10.09.2020

4

Англис тили

Оозеки

10.00-14.00

Жазуу

15.00-16.30

10.09.2020

5

Кытай тили

Оозеки

10.00-14.00

Жазуу

15.00-16.30

10.09.2020

 

*Өткөрүлө турган Тилден бошотуу жана Тил деӊгээлин аныктоо (англис тили / орус тили / кыргыз тили) сынактарына катыша турган студенттерибиз 2020-жылдын 06-сентябрь күнү  (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:30га чейин элекрондук почта аркылуу сынак тапшыра турган тилдин координаторлоруна электрондук кат аркылуу кайрылуусу керек. Кайрылуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн арыз катынын үлгүсү толтурулуп, PDF же сүрөт форматында тиешелүү электрондук почталарга жөнөтүлүүсү керек.

Түрк тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кыргыз тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Англис тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Орус тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кытай тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.


Арыз

 

*Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө жана Кыргызча-түркчө программаларына ийгиликтүү өткөн студенттер да Тил деӊгээлин аныктоо (орус тили / кыргыз тили) сынагына катышуу үчүн 2020-жылдын 06-сентябрь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:30га чейин Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү бөлүмүнө караштуу тиешелүү тилдин координаторлоруна арыз менен кайрылуусу зарыл.

 

Сынакта төмөндөгү эрежелерге көӊүл буруу керек:

  1. Студенттер оозеки сынагын тапшырып жаткан учурда жана дилбаян сынагынын жүрүшүндө (башынан аягына чейин) камераларын ачык кармап турууга милдеттүү.
  2. Студенттер дилбаян сынагы учурунда калем же карандаш колдоно алышат. Эгерде калем колдонгондор орфографиялык ката кетирип, катаны чийип, тууралап жазса, бул ката деп эсептелбейт.
  3. Дилбаян сынагын аяктаган студенттер дилбаянынын аягын калем менен чийип, дилбаян баракчасын экранга көрсөткөндөн кийин камераны өчүрүп, сынак баракчасын сынак байкоочусуна жөнөтүүсү керек.
  4. Тилден бошотуу жана Тил деӊгээлин аныктоо сынагына катышкан студенттердин саны он беш кишиден ашпагандай пландалуусу керек.
  5. Сынак учурунда интернет байланышынын үзгүлтүккө учуроо ыктымалдуулугун алдын алуу максатында окутуучуларыбыз жана студенттерибиз зарыл чараларды көрүүсү керек. Студенттер интернет байланышынын сапатына өздөрү жооптуу.
  6. 2020-2021-окуу жылынын Тилден бошотуу жана Тил деӊгээлин аныктоо сынагын англис тилин милдеттүү түрдө үйрөнүүсү керек болгон бардык студенттер (Эл аралык мамилелер бөлүмү, Англис тили жана адабияты программасы, Кыргызча-англисче программасы) тапшырат.