Кабар жана жарыялар

Студенттер үйү кулактандыруусу

Университетте 20.08.2020 күнү болуп өткөн окумуштуулар кеңешинин 15 номерлүү  2020-15.052 чечимине ылайык 2020-2021 окуу жылынын күзгү семестри онлайн башталганына байланыштуу студенттер үйүнө жайгашуу убактылуу токтотулду.

Студенттер үйүнө каттоо кезегинин тизмеси 01.09.2020 - 04.09.2020 чейин жарыяланат жана студенттер үйүнө каттоо иштери жүргүзүлө баштайт, бирок студенттер  үйүнө жайгашуу  университетте окуу күндүзгү ыкмага  өткөн учурда башталары маалымдалат.