Кабар жана жарыялар

Тилден бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагы тууралуу кулактандыруу

Университетибиздин 2020-жылдын 15-сентябрь күнү кабыл алынган Окумуштуулар Кеӊешинин 2020-16.057 номерлүү чечимине ылайык 2020-жылдын 23 – 25-сентябрь күндөрү аралыгында Тилден бошотуу жана Тил деӊгээлин аныктоо сынактары онлайн түрдө өткөрүлөт.

  1. Сынакты баалоо ыкмалары;

a) Оозеки сынак (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү Кыргызстан убактысы боюнча 10.00–14.00 сааттар аралыгында сынак комиссиясы даярдаган темалар боюнча Google Meet программасы аркылуу (жаздырылган) оозеки сынак;

б) Дилбаян сынагы (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү сынак комиссиясы даярдаган үч дилбаян темасынан бирөө (1) студент тарабынан тандалып, ошол эле күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 15:00дөн 16:30га чейин жазылып, окутуучусунун электрондук почтасына же болбосо Whatsapp аркылуу жиберилген жазуу түрүндөгү дилбаян сынагы;

 

2020-2021-окуу жылынын Тилден бошотуу (англис тили) жана Тил деӊгээлин аныктоо (орус тили / кыргыз тили) сынактарынын өткөрүлө турган күндөрү жана убакыттары төмөндөгүдөй:

(Сынактар Кыргызстан убактысы боюнча өткөрүлөт.)

Тилдер

Сынактын өтүү убактысы

Сынактын өтүү күнү

1

Кыргыз тили

Оозеки

10:00-14:00

Жазуу

15:00-16:30

23.09.2020

2

Турк тили

Оозеки

10:00-14:00

Жазуу

15:00-16:30

24.09.2020

3

Орус тили

Оозеки

10:00-14:00

Жазуу

15:00-16:30

25.09.2020

4

Англис тили

Оозеки

10:00-14:00

Жазуу

15:00-16:30

25.09.2020

5

Кытай тили

Оозеки

10:00-14:00

Жазуу

15:00-16:30

25.09.2020

Аталган Тилден бошотуу жана Тил деӊгээлин аныктоо (Синхрондук котормо бөлүмүнүн тиешелүү бөлүмдөрү) сынактарына катыша турган студенттерибиз 2020-жылдын 22-сентябрь күнү  (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 13:00го чейин элекрондук почта аркылуу сынак тапшыра турган тилдин координаторлоруна электрондук кат аркылуу кайрылуусу керек. Кайрылуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн арыз катынын үлгүсү толтурулуп, тиешелүү электрондук почталарга жөнөтүлүүсү керек.

Түрк тили координаторлугу           : Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кыргыз тили координаторлугу       : Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Англис тили координаторлугу       : Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Орус тили координаторлугу           : Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кытай тили координаторлугу         : Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

 

АРЫЗ

 

Сынакта төмөндөгү эрежелерге көӊүл буруу керек:

1. Студенттер дилбаян сынагы учурунда калем же карандаш колдоно алышат. Эгерде калем колдонгондор орфографиялык ката кетирип, катаны чийип, тууралап жазса, бул ката деп эсептелбейт.
2. Дилбаян сынагын аяктаган студенттер дилбаянынын аягын калем менен чийип, дилбаян баракчасын экранга көрсөткөндөн кийин камераны өчүрүп, сынак баракчасын сынак байкоочусуна жөнөтүүсү керек.
3. Сынак учурунда интернет байланышынын үзгүлтүккө учуроо ыктымалдуулугун алдын алуу максатында окутуучуларыбыз жана студенттерибиз зарыл чараларды көрүүсү керек. Студенттер интернет байланышынын сапатына өздөрү жооптуу.
4. Аталган сынактарга катышуу үчүн студенттер өздүгүн тастыктоочу документин көрсөтүүгө милдеттүү. Өздүгүн тастыктоочу документти көрсөтө албаган студент сынакка катыша албайт.