Кабар жана жарыялар

Эл аралык “Зилант” кинофестивалынан сыйлык

Үстүбүздѳгү жылдын 12-июлунда Россия Федерациясына караштуу Татарстандын борбору Казань шаарында “Зилант” кинофестивалы болуп ѳттү.

Фестивалда коммуникация факультетинин радио-телекөрсөтүү жана кино бѳлүмүнүн студенти Аманат Рахманованын "Аманат конуш" даректүү фильми "мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыды. "Аманат конуш" студенттер категориясында ат салышты.

Аталган кинофестиваль короновирус пандемиясына байланыштуу онлайн-форматта ѳтүп, ага бир канча мамлекеттен бир нече тасма катышты.

 

Медиа Манас