Кабар жана жарыялар

Тартан жолу кайрадан ачылды

Бир нече күнгө созулган карантинден кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жаңы футбол талаасындагы тартан (чуркоо) жолу кайрадан колдонууга берилди.

Алгачкы жүрүштү окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан ѳзү баштап, жаштарды сергек жана дени сак жашоого үндѳдү.

Тартан жолун “Манас” университетинин кызматкерлери жана алардын үй-бүлѳлѳрү күнүнѳ саат 07.00ден 20.00ге чейин колдоно алышат. Ошондой эле окуу жайдын жетекчилиги милдеттүү түрдѳ маска тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана спорттук бут кийим менен чуркоо зарыл экендигин эскертет.

Медиа Манас