Кабар жана жарыялар

"Turkish Diaspora Media Awards" сынагынан сыйлык

КТМУнун коммуникация факультетинин адиси, сүрөтчү Фахри Тархан "Turkish Diaspora Media Awards" сынагына катышып, биринчи орунга ээ болду.

Ал ѳзүнүн Кыргызстандын фотосүрөттөр портфелиндеги үч кадры менен сыйлыкты жеңип алды.

Сынак Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш улуттар башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Сынактын максаты - түрк диаспорасынын социалдык-экономикалык жана маданий байлыгын, билимин ачып берүү, медиа чөйрөсүндөгү оригиналдуу жана квалификациялуу эмгектерди жана келечектеги журналисттерди, коммуникация тармагынын болочок адистерин кинорежиссерлорду колдоо.

Жеңүүчүлөргѳ сыйлыктар сыйлык тапшыруу аземинде тапшырылат.

 

 Медиа Манас