Кабар жана жарыялар

Коомдук илимдер институту магистратура жана докторантура (Ph.d) багыттары боюнча кабыл алуу конкурсу жарыялайт

КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ

КООМДУК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

2020–2021-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖАЗГЫ СЕМЕСТРИНДЕ ТӨМӨНДӨ КӨРСӨТҮЛГӨН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (PH.D) БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА  КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНАТ

МӨӨНӨТҮ

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КҮНДӨРҮ

14–30-декабрь, 2020

АДИСТИГИ БОЮНЧА КИРҮҮ СЫНАГЫ (ЖАЗУУ ЖАНА ООЗЕКИ ТҮРҮНДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ)

06-08-январь, 2021

СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЖАРЫЯЛОО

13-январь, 2021

НЕГИЗГИ ТИЗМЕДЕГИ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО

14-15-январь, 2021

РЕЗЕРВДИК ТИЗМЕДЕГИ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО

18-январь, 2021

САБАКТАРГА КАТТАЛУУ

29-январь, 01-февраль, 2021

КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ

МАГИСТРАТУРА

1-  Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

2- Магистратурага тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРнын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүсү зарыл.

3- Кирүү сынактарында,  ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык деңгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл;  GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет. Тесттердин табигый илимдер блогу боюнча жыйынтыктары эсепке алынат.  Бирок бул талапкерлер оозеки сынагын тапшырууга милдеттүү.  ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү кирүү сынактарын тапшырууга милдеттүү.

4-  Магистратура программасына тапшыруу учун чет тили боюнча билими милдеттүү эмес. Эгерде талапкер, университеттин Окумуштуулар кеңеши (Сенато) тарабынан бекитилген чет тилдердин биринен эл аралык деңгээлдеги сертификаты бар болсо, ал сертификаттагы жыйынтыктын 15 пайызы кирүү сынагынын жалпы жыйынтык баасына кошулат. КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.

ДОКТОРАНТУРА (PhD)

1-Докторантурага магистратураны бүтүүчүлөр, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле медициналык, ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50дөн жогору болушу талап кылынат.

2-Докторантурага (Ph.D) тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү жана илим министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРнын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүлөрү зарыл.

3-Докторантура (Ph.D) программасына тапшыруу үчүн талапкер  университетттин Окумуштуулар кеңеши (Сенато) тарабынан бекитилген чет тилдердин биринен эл аралык деңгээлдеги кабыл алынган сынак сертификатына ээ болуусу зарыл. Же болбосо Түркия Республикасынын  “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55тен жогору же Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60тан жогору баллга ээ болуусу керек (жарактуулук мөөнөтү – 3 жыл). Чет тил боюнча эл аралык сынак сертификатынын баллы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына” жараша эсептелинет. Чет тили факультетин бүтүрүүчүлөр өзүнүн негизги профилдик чет тилинен сырткары башка чет тилинен сынак сертификатын көрсөтүүсү зарыл. КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.***

4-ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык деңгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл; GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет. Бирок бул талапкерлер оозеки сынагын тапшырууга милдеттүү.  ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү кирүү сынактарын тапшырууга милдеттүү.

КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

Документтер bilgi.sbe@manas.edu.kg электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. Кабыл алуунун акыркы күнү Бишкек сааты боюнча 17:30га чейин жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88,  ички тел.:2321 номерине телефон чалыңыз.

1.   Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет дарегинен табууга болот же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

2.   Магистратура программасы үчүн бакалаврдык диплом же/жана базалык жогорку билими боюнча диплом жана тиркемесинин көчүрмөлөрү талап кылынат (абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат);  Докторантура программасы үчүн магистрдик диплом же/жана базалык жогорку билими боюнча диплом жана тиркемесинин көчүрмөлөрү талап кылынат (абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат);

3.   Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкер үчүн); (абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат);

4.   3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт

5.   Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү;

6.   ALES (акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү  GRE, GMAT (акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын түп нускасы;

7.   Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган  эл аралык деңгээлдеги чет тил сынактарынын сертификаттарынын түп нускасы же тастыкталган көчүрмөсү.

 

 

МАГИСТРАТУРА

 

 

 

БИЛИМ БАГЫТЫ

КВОТА

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТАРЫНЫН АДИСТИК БАГЫТТАРЫ

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТЫ

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ

МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА БАЗАЛЫК ЖОГОРКУ БИЛИМИ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

 

КР

 

ТР

 

БК

Философия

0

0

1

Орток жыйынтык, гуманитардык

 

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат***

 

 

Философия; философия бѳлүмүнѳн сырткары бардык бѳлүмдѳрдүн * бүтүрүүчүлѳрү.

 

 

 

Социология

1

1

2

Орток жыйынтык, гуманитардык

Социология,  саясый илимдер,  коомдук башкаруу,  салттуу элдик билим,  түркология, статистика, коомдук кызмат, философия, психологиялык кеңеш жана көмөк программасы, эл аралык мамилелер, коммуникация, теология, тарых, коомдук байланыш, туризм, экономика, антропология, укук жана   шаар, аймак пландоо жана архитектура  адистиктери боюнча бакалавр даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөр*

Дене тарбия жана спорт

1

2

0

Гуманитардык

Дене тарбия жана спорт мугалими же машыктыруучуларды даярдоо бөлүмдөрүнүн бакалаврдык дипломуна ээ болгон бүтүрүүчүлөр.

Филология (англис тили жана адабияты)

1

2

1

Гуманитардык

 

Филология (англис тили жана адабияты); Лингвистика (англис тили) боюнча бакалавр же беш жылдык жогорку билим даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөр.

Тарых

0

1

1

Гуманитардык

Тарых адистиги боюнча бакалавр же 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөр.

Тарых (архелогия  жана социалдык антропология)

3

2

2

Гуманитардык

Тарых жана археология адистиги боюнча бакалавр же тарых адистиги боюнча 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ болгон бүтүрүүчүлөр.

 

ДОКТОРАНТУРА (Ph.D.)

БИЛИМ БАГЫТЫ

КВОТА

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТАРЫНЫН АДИСТИК БАГЫТТАРЫ

ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТЫ

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ (Милдеттүү түрдө талап кылынат)

ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА МАГИСТР ДАРАЖАСЫ ЖЕ  5 ЖЫЛДЫК ЖОГОРКУ БИЛИМИ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

КР

ТР

БК

Тарых

3

3

2

Гуманитардык

Сертификат талапкердин каалоосу боюнча тапшырылат

англис тили, немис тили, француз тили, орус тили***, кытай тили.

Тарых адистиги боюнча магистр же 5 жылдык жогорку билим даражасына ээ болгон талапкерлер.

КР: Кыргыз Республикасынын жараны; ТР: Түркия Республикасынын жараны; БК: Башка өлкөнүн жарандары.

 *   Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программанын багытына карата айрыма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катышат.

** Эскертүү: (Ар башка  бѳлүмдѳн келгендер Социология магистратура программасында магистратурада окуй алуулары үчүн биринчи даярдоо курсунун алкагында бакалаврдагы кээ бир сабактарды алуулары шарт. Студенттердин мурда окуган бѳлүмдѳрүндѳ даярдоо курсунда кѳрсѳтүлгѳн сабактарды  алган болсо,  бѳлүмдүн академиялык кеңешинин чечими менен  бошотулат. Бул сабактын теңинен кѳбү деп эсептелген/ бошотулган студенттер калган  магистратура сабактарын магистратура сабактары менен чогуу ала алышат).

***КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.

 

СУНУШТАЛУУЧУ МҮМКҮНДҮКТӨР

1.      Акысыз окутуу.

2.      Студенттик шаарчада интернет тармагына акысыз туташуу сунушталат.

3.      Магистрант жана  докторанттарга К-Т “Манас” университетинин  «Стипендия берүү»  жобосуна ылайык,  3 категорияда стипендия берилет. Кирүү стипендиясы, жетишкендик жана муктаждык стипендиясы (чет өлкөлүк жарандар үчүн).

4.      Студенттик жатакана.

5.      COVİD-19 пандемиясына байланыштуу бардык студенттерге 60 GB көлөмүндөгү интернет пакети сунушталат.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1- Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн : Бишкек шаары, Жал кичи району,  Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Коомдук илимдер институтунун  имараты, 1-кабат, 104-каб., (Студенттик бөлүм). Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321 номерине телефон чалыңыз. www.manas.edu.kg Whatsapp: +996(706) 068822 veya +996(700)125056.

2- Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

3-                  Эне тили бул эки тилдин бири болбогон же бакалавриатта бул эки тилдин бири боюнча билим алып аяктаган талапкерлер бул эки тилден бошотуу боюнча документке ээ болбогон учурда, бул тилдер боюнча чектөөдөн бошотуу үчүн сынакка киришет (67 балл – жетишүү босогосу). Тилден бошотуу сынагы (кыргыз тили жана/же түрк тили боюнча) 2021-жылдын 11-13-январь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлөт. Тилдердин бирин же экөөсүн тең ийгиликтүү тапшыра албагандар, каалоосу боюнча “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  тилди окутуу программасы боюнча даярдоо курсуна" катыша алат.

 

СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАРЫ

Жазуу түрүндөгү адистик сынактын суроолору Google Classroom программасына жүктөлүп, сынактын аягында талапкер жооп баракчасын Google Classroom программасына кайрадан жүктөөсү зарыл. Сынак Google Meet программасы аркылуу көзөмөлгө алынат. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргүзүлөт; 

Оозеки сынак (аңгемелешүү) Google Meet программасы аркылуу интерактивдүү жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргүзүлөт; 

Сынак/аңгемелешүү учурунда талапкер тараптан электр жарыгынын өчүшү, интернет менен байланышынын үзүлүшү сыяктуу техникалык себептерден улам талапкер сынакка катыша албаса же катышкан учурда да сынактын тиешелүү талаптарын аткарбаса, сынак жараксыз деп табылат жана талапкерге кайра сынакка катышуу укугу берилбейт.

Ар бир талапкерге  Google Meet ,  Google Сlassroom программалары аркылуу өткөрулө турган онлайн сынактарына кирүү үчүн Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  аталышы менен убактылуу  (e-mail) электрондук дареги ачылып, документ кабыл алуу учурунда институт тарабынан талапкерлерге жөнөтүлөт.