Кабар жана жарыялар

“Евразия күндеми” программасы эми «Манас Фм» радиосунда

ТРТ Аваздын “Евразия күндеми” программасы 2020-жылдын 30-ноябрынан тарта Түркия менен бир убакытта «Манас Фм» радиосунда жаңырып баштады.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Түркия радио телеберүү мекемеси (ТРТ) ортосунда кызматташтыктын алкагында жаңыра баштаган бул программа, ар бир иш күндөрү Кыргызстанда саат 16:00дөн 17: 00гө чейин «Манас Фм» радиосунда обого чыгып турат.

Мындан кийин «Манас Фм» радиосунун угармандары «Евразия күндеми» программасынан Түркиянын, Түрк дүйнөсүнүн жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар тууралуу да уга алышат.

Медиа Манас