Кабар жана жарыялар

Табигый илимдер институту магистратура жана докторантура (Ph.d) багыттары боюнча кабыл алуу конкурсу жарыялайт

КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР ИНСТИТУТУ

2020–2021-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖАЗГЫ СЕМЕСТРИНДЕ ТӨМӨНДӨ КӨРСӨТҮЛГӨН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (PH.D) БАГЫТТАРЫ БОЮНЧА  КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУ ЖАРЫЯЛАНАТ.

МӨӨНӨӨТТӨР

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КҮНДӨРҮ

14–30 декабрь 2020

АДИСТИГИ БОЮНЧА КИРҮҮ СЫНАГЫ (ЖАЗУУ ЖАНА ООЗЕКИ ТҮРҮНДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ)

06-08 январь 2021

САНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫН ЖАРЫЯЛОО

13 январь 2021

НЕГИЗГИ ТИЗМЕДЕГИ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО

14-15 январь 2021

РЕЗЕРВДИК ТИЗМЕДЕГИ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ КАТТОО

18-январь 2021

САБАКТАРГА КАТТАЛУУ

29 январь 01 февраль 2021

КАБЫЛ АЛУУ  ШАРТТАРЫ

МАГИСТРАТУРА

1-  Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.

2- Магистратурага тапшырган талапкер; Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүсү зарыл.

3- Кирүү сынактарында,  ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык денгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл;  GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет. Тесттердин табигый илимдер блогу боюнча жыйынтыктары эсепке алынат.  Бирок, бул талапкерлер оозеки сынагын тапшырууга милдеттүү.  ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү кирүү сынактарын тапшырууга милдеттүү.

4-  Магистратура программасына тапшыруу үчүн чет тили боюнча билими милдеттүү эмес. Бирок, талапкер чет тилдердин бири боюнча (англис, француз, немис, орус ж.б.) эл аралык сынактын сертификатына ээ болгон учурда, бул эл аралык сынактын жыйынтыгынын 15 пайызы кирүү сынагынын жалпы жыйынтыгына кошулат. КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.

ДОКТОРАНТУРА (PhD)

1-Докторантурага магистратураны бүтүүчүлөр, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, жана ошондой эле медициналык, ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүлөрү кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу талап кылынат.

2- Докторантурага (Ph.D) тапшырган талапкер; Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы  тууралуу маалымкат көрсөтүүлөрү зарыл.

3-  Докторантура (Ph.D) программасына тапшыруу үчүн талапкер чет тилдердин бири боюнча (англис тили, немис тили, француз тили, орус тили) эл аралык кабыл алынган сынак сертификатына ээ болуусу зарыл. Же болбосо Түркия Республикасынын  “Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55 тен жогору же Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60 тан жогору баллга ээ болуусу керек. Чет тил боюнча эл аралык сынак сертификатынын баллы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына” жараша эсептелинет. Чет тили факультетин бүтүрүүчүлөр өзүнүн негизги профилдик чет тилинен сырткары башка чет тилинен сынак сертификатын көрсөтүүсү зарыл. КМШ (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары үчүн орус тили чет тил катары эсептелбейт.

4-  ALES (жарамдуулук мөөнөтү 36 айга чейин), GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 60 айга чейин) сыяктуу эл аралык денгээлдеги сынактардын сертификаттарына ээ талапкерлер үчүн бул сынактардын жыйынтыктары (эң төмөнкү баллы  ALES үчүн 55 балл; GRE, GMAT үчүн 70 балл) жазуу сынагынын ордуна эсептелинет. Бирок, бул талапкерлер оозеки сынагын тапшырууга милдеттүү.  ALES, GRE, GMAT сынактарынын сертификаттарына ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү кирүү сынактарын тапшырууга милдеттүү.

КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

Документтер Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. Кабыл алуунун акыркы күнү Бишкек сааты боюнча 17:30 чейин жүргүзүлөт. Маалымат алуу үчүн: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321 номерине телефон чалыныз.

1.     Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү интернет дарегинен табууга http://manas.edu.kg/index.php/fbe-kabul-%C5%9Fartlar%C4%B1-fbe  болот же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..

2.     Магистратура программасы үчүн бакалаврдык диплому же/жана базалык жогорку билими боюнча диплому жана тиркемесинин көчүрмөлөрү талап кылынат (абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат);  Докторантура программасы үчүн магистрдик диплому же/жана базалык жогорку билими боюнча диплому жана тиркемесинин көчүрмөлөрү талап кылынат (абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат);

3.     Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкер үчүн). Абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат;

4.     3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт

5.   Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү;

6.  ALES (Акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү  GRE, GMAT (Акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын оригиналы;

7.  Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган  эларалык деңгээлдеги чет тил сынактарынын сертификаттарынын түп нускасы же тастыкталган көчүрмөсү;

 

 

МАГИСТРАТУРА

БИЛИМ

БАГЫТЫ

КВОТА

МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА БАЗАЛЫК ЖОГОРКУ БИЛИМИ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

 ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН  ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТЫ

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ

КР

ТР

БК

АГРОНОМИЯ

(МӨМӨ-ЖЕМИШ ТАЛАА ӨСҮМДҮКТӨРҮ)

 

2

 

1

 

1

Мөмө-жемиш талаа өсүмдүктөрү.

Сертификат талапкердин каалосу боюнча тапшырылат.

Сертификат талапкердин каалосу боюнча тапшырылат.**

Өсүмдүк коргоо.*

БИОТЕХНОЛОГИЯ

 

 

2

 

 

2

 

 

2

Биология; биоэкология; биотехнология; биологияны окутуу методикасы; биоинженерия; биохимия; молекулалык биология;  генетика; генетикалык инженерия; биофизика.

Экологиялык инженерия; ветеринария; агрономия; медицина; тамак-аш инженериясы.*

БИОЛОГИЯ

 

 

-

 

 

2

 

 

2

Биология; биоэкология; биотехнология; биологияны окутуу методикасы; биоинженерия; биохимия; молекулалык биология;  генетика; генетикалык инженерия; биофизика.

Экология; экологиялык инженерия; ветеринария; агрономия; медицина; тамак-аш инженерлиги.*

ӨСҮМДҮК КОРГОО

 

2

 

1

 

1

Өсүмдүк коргоо .

Биология; биоэкология; мөмө-жемиш талаа өсүмдүктөрү; токойчулук; агроэкология.*

ПРОГРАММДЫК ИНЖЕНЕРИЯ (КОМЬЮТЕРДИК ИНЖЕНЕРИЯ)

 

 

 

 

 

5

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

1

Программдык инженериясы; компьютердик инженерия; компютердик билим берүү жана окутуу технологиялары; маалыматтык технологиялар; информатика негиздери жана маалыматтк технологиялар; программа жана маалымат тутумдарын башкаруу; маалымат коопсуздугу; компьютер илими; маалыматтык тутумдар жана технологиялар; интернет берилиштерди иштетүү-колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу; электр жана электроника; электрондук инженерия.

Математика; колдонмо математика жана информатика (компьютердик программалоо , программалоо тилдери сыяктуу курстардын бирин өтсө).*

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОЛДОНУУ ЖАНА ЭКОЛОГИЯ (ЭКОЛОГИЯЛЫК ИНЖЕНЕРИЯ)

 

2

 

1

 

1

Экологиялык инженерия.

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы*; Химиялык технология (Химиялык инженерия)*; Жаратылышты колдонуу жана экология*.

КООМДУК ТАМАКТАНУУНУ УЮШТУРУУ ЖАНА ПРОДУКЦИЯНЫН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

 

 

4

 

 

1

 

 

1

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги).

Тамак-аш жабдуулары; тамак-аш технологиясы; химиялык инженерия; экологиялык инженерия.*

ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ (ХИМИЯЛЫК ИНЖЕНЕРИЯ)

 

 

-

 

 

2

 

 

-

Химиялык инженерия; химиялык технологиялар.

Тамак-аш  инженерлиги; экологиялык инженериясы; машина куруу инженерлиги; биоинженерлиги; химия-биология инженерлиги; химия.*

МАТЕМАТИКА

 

1

 

1

 

1

Математика.

Колдонмо математика жана информатика; инженердик математика; математика жана комьютер .*

 

КР –Кыргыз Республикасынын, ТР-Түрк Республикасынын жарандары, ал эми БК болсо башка республикалардын жарандарын түшүндүрөт.

* Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программалардын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катыша алат.

** КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.

 

ДОКТОРАНТУРА

БИЛИМ

БАГЫТЫ

КВОТА

ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАСЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН

ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА:МАГИСТР ДАРАЖАСЫ ЖЕ 5 ЖЫЛДЫК ЖОГОРКУ БИЛИМИ ТАЛАП КЫЛЫНАТ

  ALES ж.б. ЭЛ АРАЛЫК ТЕСТТЕРДИН  ЭКВИВАЛЕНТТҮҮ СЕРТИФИКАТЫ

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ

KР

TР

БК

БИОЛОГИЯ

1

2

1

Биология; биоэкология; биотехнология; биологияны окутуу методикасы; биоинженерия; биохимия; молекулалык биология;  генетика; генетикалык инженерия; биофизика.

Сертификат талапкердин каалосу боюнча тапшырылат.

Милдеттүү түрдө талап кылынат**

Экология; экологиялык инженерия; ветеринария; агрономия; медицина; тамак-аш инженерлиги.*

ПРОГРАММДЫК ИНЖЕНЕРИЯ (КОМПЬЮТЕРДИК ИНЖЕНЕРИЯ)

2

1

-

Программдык инженериясы; компьютердик инженерия; компютердик билим берүү жана окутуу технологиялары; математика, колдонмо математика жана информатика; маалымат технологиялары; информатика негиздери жана маалыматтк технологиялар; программалык камсыздоо жана маалымат тутумдарын башкаруу; маалыматтык коопсуздук; компьютер илими; маалыматтык тутумдар жана технологиялар; интернетте берилиштерди иштетүү-колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу; компьютердик лингвистика; электр жана электроника; электроника жана байланыш инженериясы.

Программалык камсыздоо; компьютердик инженерия; математика жана колдонмо математика же информатика багыттарында бакалавр даражасына жана ошол эле учурда  экономика, менеджмент, финансы билим багытында магистрдик даражага ээ болсо.*

 

КООМДУК ТАМАКТАНУУНУ УЮШТУРУУ ЖАНА ПРОДУКЦИЯНЫН ТЕХНОЛОГИЯСЫ (ТАМАК-АШ ИНЖЕНЕРИЯСЫ)

2

1

-

Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги).

Тамак-аш жабдуулары; тамак-аш технологиясы; химиялык инженерия; экологиялык инженерия.*

 

ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ (ХИМИЯЛЫК ИНЖЕНЕРИЯ)

 

3

 

1

 

1

Химиялык инженерия; химиялык технологиялар.

Тамак-аш  инженерлиги; экологиялык инженериясы; биоинженерлиги; химия-биология инженерлиги; химия.*

МАТЕМАТИКА

2

1

1

Математика.

Колдонмо математика жана информатика; инженердик математика; математика жана комьютер .*

 КР –Кыргыз Республикасынын, ТР-Түрк Республикасынын жарандары, ал эми БК болсо башка республикалардын жарандарын түшүндүрөт.

* Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер программалардын багытына карата айырма болгон сабактарды алуу үчүн даярдоо курсуна катыша алат.

** КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.

СУНУШТАЛУУЧУ МҮМКҮНДҮКТӨР

1-Акысыз окутуу.

2-Студенттик шаарчада интернет тармагына акысыз туташуу сунушталат.

3- Магистрант жана  докторанттарга К-Т “Манас” университетинин  «Стипендия берүү»  жобосуна ылайык  3 категорияда стипендия берилет. Кирүү стипендиясы, жетишкендик жана муктаждык стипендиясы (чет өлкөлүк жарандар үчүн).

4-Студенттик жатакана.

5- COVİD-19 пандемиясына байланыштуу баардык студенттерге 60 GB көлөмүндөгү интернет пакети сунушталат.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1- Маалымат жана башка суроолор үчүн: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал мкр,  Ч. Т. Айтматов атындагы кампус,  Маданият борборунун имараты, Табигый илимдер институту 1-кабат, 104-каб, (Студенттик бөлүм). Документтерди кабыл алуу Бишкек убактысы боюнча саат  08:30 дан17:30 чейин жүргүзүлөт. Телефон: 00 996 (312) 49 27 88  ички тел.:2321,  http://manas.edu.kg, электрондук адрес: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.             

2- Туура эмес же жетишсиз маалымат берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.

3-     Эне тили бул эки тилдин бири болбогон же бакалавриатта бул эки тилдин бири боюнча билим алып аяктаган талапкерлер бул эки тилден бошотуу боюнча документке ээ болбогон учурда, бул тилдер боюнча чектөөдөн бошотуу үчүн сынакка киришет (67 балл – жетишүү босогосу). Тилден бошотуу сынагы (кыргыз тили жана/же түрк тили боюнча) 2021-жылдын 11-13-январь күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлөт. Тилдердин бирин же экөөсүн тең ийгиликтүү тапшыра албагандар, каалоосу боюнча “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  тилди окутуу программасы боюнча даярдоо курсуна" катыша алат.

 

СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАРЫ

 

Жазуу түрүндөгү адистик сынактын суроолору Google Classroom программасына жүктөлүп жана сынактын аягында талапкер жооп баракчасын Google Classroom программасына кайрадан жүктөөсү зарыл. Сынак Google Meet программасы аркылуу көзөмөлгө алынат. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргузүлөт; 

Оозеки сынак (аңгемелешүү) Google Meet программасы аркылуу интерактивдүү жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Сынактын тиешелүү жоболорго ылайык өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн видео жана аудио каттоосу жүргузүлөт; 

Сынак/аңгемелешүү учурунда талапкер тараптан электр жарыгынын өчүшү, интернет менен байланышынын үзүлүшү сыяктуу техникалык себептерден улам талапкер сынакка катыша албаса же катышкан учурда да сынактын тиешелүү талаптарын аткарбаса, сынак жараксыз деп табылат жана талапкерге кайра сынакка катышуу укугу берилбейт.

Тапшырган ар бир талапкерге  Google Meet ,  Google Сlassroom программалары аркылуу өткөрулө турган онлайн сынактарына кирүү үчүн …Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  аталышы менен убактылуу  (e-mail) электрондук дареги ачылып, документ кабыл алуу учурунда институт тарабынан талапкерлерге жөнөтүлөт.