Кабар жана жарыялар

ЭБФ факультетинде жаңы деканды куттуктоо салтанаты өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика жана башкаруу факультетинде жаңы деканды куттуктоо салтанаты болуп ѳттү.

Үстүбүздѳгү жылдын 14-декабрында жаңы кызматка дайындалган деканды куттуктоо иш-чарасына университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты.

Университеттин жетекчилери профессор Метин Байрактын факультеттин мүмкүнчүлүктөрүн дагы да өнүктүрүп, биримдик жана ынтымак ичинде натыйжалуу, өндүрүмдүү иш алып бара тургандыгына тилектеш экендигин билдиришип, ийгилик каалашты.

Андан кийин университет жетекчилери ийгиликтүү кызмат өтөгөнү үчүн факультеттин мурунку деканы, профессор Кадир Ардычага ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Метин Байрак үстүбүздѳгү жылдын 15-октябрынан баштап ректордун кеңешчиси кызматын да аткарып келет.

 

Медиа Манас