Кабар жана жарыялар

Университетке байланыштуу Түркиядагы жолугушуулар

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2020-жылдын 17-29-ноябрь күндөрү Түркияда университетке байланыштуу иштер боюнча жолугушууларда болуп келди.

Ректор Алпаслан Жейлан Президенттик аппараттын байланыш мүдүрү жана КТМУ Камкорчулар кеңешинин төрагасы Фахреттин Алтун, Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы жана КТМУ Байкоочу кеңешинин төрагасы Рахми Эр, ТР Айыл чарба жана токой чарба министринин орун басары Акифер Өзкалды, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дюсен Касеинов, чет өлкөлөрдөгү түрктөрдүн жана боордоштор жамааттарынын президенти Абдулла Эрен, Түркия салттуу спорт федерациясынын төрагасы Хакан Казанжы, ТРТ Аваз каналынын координатору Седат Сагыркая жана ТРТ Анкара радиосунун мүдүрү Мердан Гүвен менен жолугушту. Ректор жыйындын күн тартиби боюнча КТМУнун 2021- жылкы бюджети, университеттин 25 жылдыгына жана стратегиялык планына ылайык иш-чаралары жана жаңы долбоорлору, кампустун экологиясы, мекемелер менен кызматташуу иш-аракеттери туурасында айтып берди.

Жыйында “Манас” университети менен болгон байланыштарды көп жылдардан бери жакындан байкоого алган жана Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп даярдалгандан бери университетке абдан берилгендик менен ар тараптан колдоо көрсөткөн Камкорчулар кеңешинин төрагасы Фахреттин Алтун башында турган бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү КТМУ менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин жана университетке ар дайым колдоо көрсөтөѳрүн баса белгилешти.

Ошондой эле университеттин ректору Алпаслан Жейлан 24-ноябрында Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) радиосунун «Күндеми» программасынын коногу болуп, анда КТМУнун соңку жыл ичинде аткарылган жана жакынкы арада жасала турган иштери жөнүндө маек курду.

Ал эми окуу жайдын телерадио башкармалыгынын мүдүрү Бүлент Намал бул алкакта ТРТ Аваз каналынын координатору Седат Сагыркая жана ТРТ Анкара радиосу мүдүрү Мердан Гүвен, НТВ тышкы иштер жетекчиси, Кабар координатору, Жалпы берүү куруму мүчөсү жана программанын продюсери Ахмет Йешилтепе, Радио Д жана Dream Түрк телеберүү жетекчиси Мурат Дуран жана OSSİ музыкасынын ээси жана белгилүү программанын продюсери Хакан Эрен менен жолукту.

Жолгушуулардын жыйынтыгында ТРТ Аваздын “Евразия күндеми” программасы 2020-жылдын 30-ноябрынан баштап, Түркия менен бир убакта “Манас Фм” радиосунда бериле баштады. Айрыкча ТРТ Аваздын кыргызча кабар бюллетени Манас каналында жана “Манас Фм” радиосунда 2020-жылдын 14-декабрынан баштап берүүгө чыга баштады. Ошондой эле Радио Дʾнын Хакан Эрен тарабынан даярдалган жана эргүү берген түрк поп музыкасынын жылдыздары конок болгону менен сүймөнчүккө ээ болгон “Bir zamanlar” 2020-жылдын 14-декабрынан баштап, “Манас Фм” радиосунда берүүгө чыкты. Программалардын чыгышынын жана документалдуу долбоорлордун үстүндѳ НТВ жана ТРТ Аваз каналы иштеп жатат.

 

Медиа Манас