Кабар жана жарыялар

Президенттик стипендияга өлкөнүн 70 мыкты студенти татыктуу болду

2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгына ылайык, жогорку окуу жайларынын алдыңкы 70 студенти Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болду.

Мыкты окуган студенттердин катарына Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин инженердик факультеттинин колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Асел Нурланбек кызы жана экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Диана Тургунбаева да кирди.

Таланттуу студенттерди баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенттине караштуу Билим берүү фонду тарабынан 3 500 000 сом бөлүнгөн жана ар бир студентке 50 000 сомдон берилет. KРнын Президенттик стипендиясын тапшыруу аземи 2020-жылдын 25-декабрында өтөт.

КТМУнун жалпы жамааты президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттерди куттуктап, окууларына мындан ары да ийгиликтерди каалайт.

 

Медиа Манас