Кабар жана жарыялар

КТМУнун окутуучулары “Дүйнөдөгү эң таасирдүү илимпоздор” тизмесинде

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик факультетинин окутуучулары профессор Нахит Акташ жана профессор Мехмет Кобя "Дүйнөнүн эң таасирдүү илимпоздору" тизмесине киришти.

"Дүйнөнүн эң таасирдүү илимпоздору" изилдөөсүн АКШдагы Стэнфорд университетинен Жон Лоаннидис жана анын командасы жүргүзгѳн.

"Science Direct PLOS Biology" илимий журналында жарыяланган изилдөөдө, өз тармагында кеминде 5 макала жарыялаган 7 миллион илимпоздун академиялык жетишкендиги бааланды. Анда дүйнө жүзү боюнча илимий макалалардын саны, келтирилген цитаталардын саны, авторлордун саны жана авторлордун даражасы сыяктуу өзгөрүлмөлүүлөр эске алынган.

Изилдөөнүн жүрүшүндө 1996-2019-жылдар аралыгында "дүйнөнүн эң мыкты окумуштуусу" категориясына кирген 100 миң илимпоз аныкталды. Тизмеге дүйнөдөн 100 миң, ал эми Түркиядан болсо 857 академик кирди.

 

Медиа Манас