Кабар жана жарыялар

Чет тилдер жогорку мектебинин тилден бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактары тууралуу кулактандыруу

2020-2021-окуу жылынын Чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү программасынын академиялык календарына ылайык 2021-жылдын 11-13-январь күндөрү online түрдө өткөрүлө турган жазгы семестрдин тилден бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарынын (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) сааты жана күндөрү (Кыргызстан убактысы боюнча) төмөндөгүдөй:

Сынак тилдери

Сынактын өтүү күнү

Дилбаян сынагынын өтүү убактысы

Оозеки сынактын өтүү убактысы

1.

Кыргыз тили

11.01.2021

11.30-13.00

14.00-17.00

2.

Түрк тили

12.01.2021

11.30-13.00

14.00-17.00

3.

Англис, орус, кытай тилдери

13.01.2021

11.30-13.00

14.00-17.00

 

Тилден бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) төмөндө көрсөтүлгөн шарттарга туура келген талапкерлер гана катыша алат.

  1. Тил үйрөтүү программасы боюнча билим алып жаткан магистратура жана докторантура багытынын студенттери;
  2. Тил үйрөтүү программасындагы үйрөнүүгө милдеттүү болгон тилдерди экинчи (2) окуу жылында улантып жаткан студенттер;
  3. Жогоруда белгиленген 1-жана 2-беренелерден тышкары, кыргыз, түрк, орус жана кытай тилдеринен өткөрүлгөн эки ара сынактан орточо упайы эӊ аз 90 (AA) жана андан жогору урай алган студенттер;
  4. Англис тилинин (С) жогорку деӊгээлин үйрөнүп жаткан студенттердин арасынан өткөрүлгөн эки ара сынактан орточо упайы эӊ аз 85 упай (BA) жана (B) орто деӊгээлин үйрөнүп жаткан студенттердин арасынан өткөрүлгөн эки ара сынактан орточо упайы эӊ аз 90 упай (AA)  алган  студенттер;

Тилден бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактары (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) төмөндө көрсөтүлгөндөй ыкмалар менен бааланат.

a) Дилбаян сынагы (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 11.30да тиешелүү сынак комиссиясынын даярдаган үч дилбаян темасынан бирөө (1) студент тарабынан тандалып, ошол эле сынак күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жазылып, окутуучусунун электрондук почтасына же болбосо Whatsapp аркылуу жиберилген жазуу түрүндөгү дилбаян сынагы;

б) Оозеки сынак (эӊ көп): 50 упай

Тил үйрөтүү бөлүмү тарабынан белгиленген күнү Кыргызстан убактысы боюнча 14.00–17.00 сааттар аралыгында сынак комиссиясы даярдаган темалар боюнча Google Meet программасы аркылуу (жаздырылган) оозеки сынак;

*Өткөрүлө турган Тилден бошотуу жана тил билүү деӊгээлин аныктоо сынактарына (кыргыз, түрк, англис, орус жана кытай тилдери) катыша турган студенттерибиз 2021-жылдын 07-январь күнү (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:30га чейин элекрондук почта аркылуу сынак тапшыра турган тилдин координаторлоруна электрондук кат аркылуу кайрылуусу зарыл. Кайрылуу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн арыз катынын үлгүсү толтурулуп, сынакка кире турган студенттин өздүгүн тастыктоочу сүрөтү бар расмий документи толтурулган арызга тиркелип, PDF же сүрөт форматында тиешелүү электрондук почталарга жөнөтүлүүсү керек.

Түрк тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кыргыз тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Англис тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Орус тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

Кытай тили координаторлугу: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

*Тил билүү деӊгээлин аныктоо сынагына университетибиздин окумуштуулар кеӊешинин 14.04.2018 күнү кабыл алган 2018-06-.40 номерлүү чечимине ылайык Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө жана Кыргызча-түркчө программаларынын студенттери катыша алат.

ЭСКЕРТҮҮ: Аталган сынактардын жыйынтыктары университетибиздин расмий сайтында орун алган Чет тилдер жогорку мектебинин «Кулактандыруу» бөлүмүнө жана ошондой эле OBİS системасына жарыяланат.

АРЫЗ