Кабар жана жарыялар

КР Саламаттыкты сактоо министри баштаган делегация Манаста

Үстүбүздѳгү жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп, ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев менен жолугушту.

 Ден соолук борборунда делегация мүчѳлѳрү жабдылып жаткан дарт аныктоочу лабораториялар менен таанышып чыгышты. Жолугушууда медициналык билим берүү жана лабораториялык-диагностикалык кызмат кѳрсѳтүү боюнча кызматташуунун жолдорун талкуулашты. Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевдин катышуусунда Саламаттыкты сактоо министрлигине дары-дармек түрүндѳ кѳмѳк кѳрсѳтүштү.

Жолугушуу учурунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан эки ѳлкѳ ортосунда мурда кол коюлган келишимге ылайык, университет ѳзүнүн клиникалык базасы бар медициналык факультет ачууну кѳздѳп келгендигин жана 2018-жылдын 2-сентябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип, эки ѳлкѳнүн мамлекет башчылары медициналык факультеттин курулушунун пайдубалына капсула салышканын белгилеп ѳттү.

Ректордун айтымында курулуш иштерин эртелетүү үчүн  ѳкмѳттѳр аралык комиссия түзүлүшү кажет. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча университеттин Камкорчулар кеңеши сметалык баасын бекитип, курулуш иштери үчүн керектүү каражаттарды бѳлүшү керек.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев окуу процессин уюштурууга даярдыктын, профессордук-окутуучулук жамааттын деңгээлин жогору баалап: “Бул доолбоорду эртерээк ишке ашырууга ар тараптуу жардам кѳрсѳтүүгѳ даярбыз. Эл аралык стандартка жооп берген ѳзүнүн клиникасы бар медициналык факультеттин ачылышы калкка сапаттуу жардам кѳрсѳтүүгѳ, ошондой эле адистерге тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет”, - деди.

Жолугушууда университеттин жетекчилиги жакынкы аралыкта Ден соолук борборунун базасында ПЦР-анализи үчүн лабораториялык жабдыктар орнотулуп, анализди жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгын, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин тийиштүү адистери менен тыгыз байланышта бул иштер жүргүзүлѳ бере тургандыгын билдирди.

Жолугушуудан кийин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Манас Фм” радиосунун коногу болуп, угармандарга КТМУ менен министрликтин ортосундагы кызматташуу пландары тууралуу айтып берди.

 

Медиа Манас