Кабар жана жарыялар

Ректордун академиялык бѳлүмдѳр менен жолугушуусу уланууда

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан үстүбүздѳгү жылдын 18-январынан баштап, университеттин академиялык бѳлүмдѳрүнүн ѳкүлдѳрү менен жолугушуп, окуу жайдагы натыйжалуулукту дагы жакшыртуу боюнча ой-пикир алышып, сунуштарын угуп жатат.

Жолугушууда ректор ар бир бѳлүмдүн иштери менен таанышып жатканына кубанычта экенин өзгөчө белгиледи жана 2020-жылдын август айынан баштап Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору кызматына киришкенин айтып, университетте жаңыдан түзүмдөштүрүү иштери уланып жатканы тууралуу маалымат берди.

Ректор КТМУнун телеберүү чѳйрѳсү кеңейтилээрин, сентябрь айында университеттин телеканалы кабелдик платформаларга кошулгандан кийин жакынкы аралыкта бүткүл өлкө ичинде жана спутник аркылуу көрсөтө баштай тургандыгын айтты.

Ошондой эле КТМУда COVID-19 короновирус пандемиясы учурунда ден-соолукка абдан маани берилгенин жана вирустан коргонуу үчүн атайын иштер көрүлүп, ден-соолукту чыңдоо борбору кеңейтилип жатканын жана февраль айынан баштап COVID-19 дартын аныктоочу борбору ишке киргизилээрин жана ага байланыштуу керектүү каражаттар бѳлүнүп берилгендигин айтып, бул иштерге колдоо кѳрсѳткѳн Камкорчулар кеңешинин тѳрагасы Фахреттин Алтун жана ТРнын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожага ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары өткөн жумада КРнын Саламаттыкты сактоо министри  Алымкадыр Бейшеналиев баштаган делегация университетке келип, ден соолук чындоо борборун кѳрүп жогору баа бергенин жана министрлик бул долбоорду эртерээк ишке ашырууга ар тараптуу жардам кѳрсѳтүүгѳ даяр экендигин билдиргенин айтты.

Ошондой эле КТМУ дистанттык билим берүүдѳ Кыргызстанда эле эмес, Түркиянын кээ бир ЖОЖдорунан алдыда экендигин жана билим алуу онлайн түрүндө жүрүп жаткандыктан, университеттин жетекчилиги студенттерди колдоо максатында айына «60 GB» акысыз интернет менен камсыздаганын айтып, мындай нерсе дүйнө жүзүндѳ биринчи болуп жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелер чечилип жаткандыгын жана анын бири суу маселеси май айынан баштап чечилип калаарын жана ТИКАнын демилгеси менен курула турган күнөсканада маанилүү өндүрүштөр ишке ашаарын, кампус ичи жашылдандырылаарын билдирди.

Ошондой эле ректор, профессор Алпаслан Жейлан ѳз сѳзүндѳ Манас университетинин жамаатын окуу-тарбия иштеринен тышкары коом менен да байланышта болуп иш алып баруусун кааларын билдирип, ар дайым ректораттын жаңы түзүлгѳн кеңешчилигине кайрылып, ой-пикир жана сунуштары менен бѳлүшүп турууга болоорун айтты.

Жолугушууда академиялык бѳлүмдѳрдүн ѳкүлдѳрү да ѳз ой-пикирлери менен бѳлүшүп, сунуштарын айтышты. Ошондой эле окуу жайдын шарттарына ыраазы экенин жана пандемия учурунда ѳздѳрүн коопсуз сезишкенин айтышып, мүмкүнчүлүктѳрдү туура пайдаланып, эл аралык долбоорлорго катышаарын билдиришти.

Медиа Манас