Кабар жана жарыялар

КТМУ дары-дармек түрүндѳ жардам кѳрсѳттү

КТМУнун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине дары-дармек түрүндѳ жардам берди.

Ректораттын көрсөтмөсү менен берилген дары-дармектер үстүбүздѳгү жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментине жеткирилди.

Университеттин ден-соолук борборунун директорунун орун басары Гүлфия Губайдуллина жана медайым Райхан Абдуллаева жеткирген дары-дармектерди Фармацевтика жана медициналык шаймандар мекемесинин фармакология бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Осмоналиева кабыл алды.

Медиа Манас