Кабар жана жарыялар

Көз карандысыз аккредитациялоо процедуралары боюнча семинар өткөрүлдү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде "Аккредитациянын аудитордук отчетун даярдоонун жол-жоболору жана процедуралары" деген темада семинар болуп өттү.

Семинар үстүбүздѳгү жылдын 28-январында көз карандысыз  Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан уюштурулуп, коммуникация факультетинде өттү.

Семинарга 2020-2021-жылдардын жазгы семестринде аккредитациядан өтүүнү пландаштырган дене тарбия жана спорт мектебинин бакалавриат программасы, ветеринардык адистештирүү программасы, компьютердик программалоо, металл жана ширетүү технологиялары, ассоциацияланган эмерек жана жасалгалоо боюнча адис программаларын аккредитациялоо үчүн милдеттендирилген академиялык бѳлүмдѳр катышты.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев жана  көз карандысыз  Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин башчысынын орун басары Жийде Жеенбаева катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, аккредитациялоо иштеринин жүрүшүнѳ жана натыйжаларына канааттангандыгын билдирди.

Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

Медиа Манас