Кабар жана жарыялар

Ага окутуучу А.Сүйүндүков "мыкты режиссёр" наамын жеңип алды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр, КТМУнун коммуникация факультетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүков толук метраждуу «Шамбала» тасмасы үчүн Индияда өткөн эл аралык “Калькут” кинофестивалында «Мыкты режиссёр» наамын жеңип алды.

Аталган фестиваль кинопродюсерлердин ассоциациясынын акредитациясынан өткөндүктөн, дүйнөдөгү абройлуу кинофестивалдардын катарында турат.

Пандемияга байланыштуу фестиваль 8-15-январь аралыгында онлайн форматта өттү.

Эске салсак,  «Шамбала» тасмасы Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде экрандаштырылган.

 

Медиа Манас