Кабар жана жарыялар

ТРТ жана Медиа Манас кызматташтыгы менен онлайн семинар ѳтүүдѳ

27-январдан 5-февралга чейин КТМУнун 25 жылдыгынын алкагында санарип медиа боюнча онлайн режимде семинар-тренинг жүрүп жатат.

Семинар Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) жана “Медиа Манас” борборунун кызматташтыгы менен уюштурулууда.

“Санарип медиасы жана видео тренингдер” аталышындагы семинарга КТМУнун студенттери, академиялык бөлүмдөр, ТР Бишкек элчилигинин кызматкерлери, ТР МЕБге караштуу мектеп кызматкерлери жана окуучулары, ММК жана "Кока-Кола Бишкек Боттлерс", «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»нын  ѳкүлдѳрү катышып жатышат.

Семинарда төмөнкү темалар каралууда:

  • Санарип медиа-бизнес, контент жана өндүрүш моделдери
  • Санарип пиар, санарип медиа куралдары жана кабылдоону башкаруу
  • Мобилдик шаймандар менен сапаттуу тартуу ыкмалары
  • Сүрөттүн техникалык негиздери

 

Семинаргдын ачылышында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана ТРТнын башкы мүдүрү Эркан Дурду сѳз сүйлѳп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Аталган семинарга 91 киши катышууда. Онлайн сабактарды ТРТнын кабарлар боюнча редактору Огүн Өчек жана ТРТнын башкы оператору Сабри Савжы өтүүдѳ.

Бул иш-чара массалык маалымат каражаттарында, маселен TRT Хабер Порталы, ТРТ Аваз, Анадолу агенттиги, TRT Хабер, “Медиа Манас” борбору, SonDakika.com, Haberler.com, Konhaber.com, TeknoTalk, Memurol.net ж.б чагылдырылды.

Эскерте кетсек, “Медиа Манас” борбору ТРТ “Түркия үнү” радиосунун берүүлөрүн 2007-жылдан бери бүткүл Кыргызстанга "Манас Фм" радиосу жана радиого байланышы болгон "Eutelsat" спутниги аркылуу интернетке чыгарып келе жатат.

Ошондой эле ТРТ Аваздын “Евразия күндеми” программасы 2020-жылдын 30-ноябрынан тарта Түркия менен бир убакытта «Манас Фм» радиосунда обого чыгууда жана ТРТ Аваздын кыргызча жаңылыктары “Манас” теле берүүсүндө да көрсөтүлүүдө.

 

Медиа Манас