Кабар жана жарыялар

Ректор ТРТ- Авазга интервью берди

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан “ТРТ-Аваз” телеканалына интервью берди.

Ректор “ТРТ-Аваз”га берген маегинде Орто Азия региону жана Кыргызстан менен болгон байланышы 25 жылдан бери уланып келе жатканы, КТМУнун кыргыз жана түрк мамилелерине кошкон салымы жана алдыдагы пландары, курулушу пландалып жаткан медициналык факультети, пандемия шартында билим берүү форматынын ѳзгѳрүшү жана КТМУнун Кыргызстандагы санариптештирүү процессине кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Интервью 1-февраль күнү “ТРТ-Аваз”дын «Күндеми» программасында кѳрсѳтүлдү.

 

Медиа Манас