Кабар жана жарыялар

Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Ф.Алтун элчи К.Өмүралиевди кабыл алды

2021-жылдын 3-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы, проф. Фахреттин Алтун Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, 2021-жылы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы ортосундагы Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгүнѳ колдоо кѳрсѳтүү, медиа жаатында кызматташуу жана ФЕТӨгө каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Анадолу агенттиги