Кабар жана жарыялар

Хожалы кыргыны Бишкекте эскерилди

1992-жылы Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы шаарында адамдардын кыргынга учуратылышынын 29 жылдыгына карата Бишкекте эскерүү кечеси болуп ѳттү.

Азербайжандын Бишкектеги элчилиги тарабынан уюштурулган программага элчилер, окумуштуулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана ишкерлер катышты.

Эскерүү кечесинде Хожалы аймагындагы болуп ѳткѳн кыргынды чагылдырган тарыхый сүрѳттѳр, китептер кѳргѳзмѳгѳ коюлду. Ошондой эле Ходжалыда курман болгондордун жаркын элестери бир мүнѳт туруп эскерилди жана кыргын жѳнүндѳ баяндалган "Ходжалы" даректүү тасмасы көрсөтүлдү.​

Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да катышты. Ректор ѳз сѳзүндѳ Хожалы кыргыны Түрк дүйнѳсүнүн тарыхындагы эң оор окуялардын бири болгонун баса белгиледи:

“Хожалыдагы жүздѳгѳн адамдардын Түрк болгону үчүн гана ѳлтүрүлүшү – эл аралык укуктук деңгээлден алып караганда, шек-күмѳнсүз бир кылмыштык иш аракет (геноцид) болуп эсептелет. Армениялыктар жүз жыл мурунку жалгандар үчүн Түркиядан эсеп суроо менен биргеликте, жарасы айыга элек 29 жыл мурунку кыргынды унуттурууга аракет кылып жатышат. Бирок бул азаптуу окуянын себепкерлерин түрк эли эч качан унутпайт жана кечирбейт.  Түрк улутун кылмыштуулукка негизсиз айыптоо менен жылдар бою жалаа жабуу, ойдон чыгарылган сценарийлер аркылуу ѳлкѳбүздү эл аралык коомчулуктун алдында айыптап келген Армениянын адам ѳлтүрүүлѳрүнүн кѳз жаздымда калуусу – адамзат күбѳ болгон эң чоң кош стандарт. Хожалы кыргыны, Армениянын мыкаачылыгы жана ырайымсыздыгынын ар бир доордо уланып келе жатканын кѳргѳзүү менен бирге Армениянын чагымчыл саясатын жүргүзүүнү улантып жатканын кѳргѳзүп турат”, - деп айтып келип, ошол убакта Түркиянын моралдык, саясий жана дипломатиялык колдоо кѳрсѳткѳнүн белгиледи:

“Кавказда абал ѳзгѳрдү. 2020-жылы 2-декабрда Азербайжан Түркиянын эл аралык деңгээлдеги колдоосу менен Тоолуу Карабах аймагын оккупациядан куткарды. Оккупациядан бошотулган аймакта кайрадан калыбына келтирүү иштери башталып, аз да болсо Хожалы кыргынынын эски жарааты айыга баштады.  «Эки ѳлкѳ бир улут» принцибинин негизинде иш алып барган президентибиз Режеп Тайип Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кавказдагы жүргүзүп жаткан саясаты, түрк кызматташтыгын, биримдигин бекемдеди”, - деди.

Ошондой эле ректор Эрзурум, Ардахан, Карс жана Ыгдырда да дал ушундай кылмыштуулукту, кыргынды ишке ашырган армяндардын 1917-жылдан берки маштабдуу Армения мамлекетин куруу максаты Тоолуу Карабах аймагынын кайрадан эркиндикке чыгышы менен тарых барактарынан ѳчкѳндүгүн айтып, Түркияны геноцидге айыптоого аракет кылган жалган жалаага ишенбѳѳгѳ чакырды.

Эскерте кетсек, Армениянын аскер күчтѳрү 1992-жылы 27-февралда Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы шаарында жашаган адамдарга кол салган. Анын кесепетинен 613 адам курман болгон. Алардын ичинен 106сы аял, 70ши кары - картаңдар жана 63чү балдар болгон.

Медиа Манас