“Манас” радиосу республикалык китеп марафонуна катышты


  • 2024-04-29

2024-жылдын 26-апрель күнү “Манас” радиосу Кыргыз Улуттук “Манас” театры уюштурган республикалык китеп марафонуна катышып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан окуу жайдан басылып жарык көргөн китептердин топтомун атайын белекке ыйгарды. 

Театрдын жетекчилиги келген конокторду өздөрүнүн куттуу сахнасында Манас айтуу жана терме-санат ырларынын коштоосунда тосушту. Андан соң китепканада китептерди  кабыл алышып, анда “Манас” университетинин атынан барган басылмаларды “Манас” радиосунун мүдүрү Эрдоган Алтун тапшырды. 

Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын мүдүрү Азиз Биймырза уулу өз сөзүндө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылыгын билдирип, “Манас” университетине Ыраазычылык Кат ыйгарды жана окуу жай менен тыгыз кызматташтык кылууга даяр экенин, оболу театрдын жетекчилиги ректорлукка атайы сапар менен жакынкы күндөрдө келип кетээрин баса белгиледи. 

 

Haberin fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6WdrottFLp

    Социалдык медиада бөлүшүү