ТИЛ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ


  • 2024-05-10

2023-2024-окуу жылынын Тилде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы жана Тилди колдонуу деңгээлин аныктоо сынагы 2024-жылдын 27 – 31 – май күндөр аралыгында Башкы имаратта (Ч. Айтматов проспектиси, 56) өткөрүлөт.

Сынакка катталуу 2024-жылдын 10 – 19 – май күндөр аралыгында https://info.manas.edu.kg/sinav/ дареги аркылуу онлайн түрдө кабыл алынат. Сынакка катталгандан кийин талапкер сынакка катталуу баракчасын басып чыгарып, сынак учурунда комиссияга берет.

Сынакка катталуу жарыясында көрсөтүлгөн мөөнөттө тапшырылбаган, толук эмес же туура эмес тапшырылган арыздар кабыл алынбайт.

ЭСКЕРТҮҮ: Сынактын жүрүшү, тартиби жана эрежелери тууралуу кеңири маалымат “КТМУнин ТИЛ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУнда” камтылган.

Тил билүү деңгээлин аныктоо сынагы төрт багытта өткөрүлөт:

 

ТИЛДЕ СҮЙЛӨӨ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ

a) Кыргыз тилинде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы

(1) Кыргыз тилинде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы университеттин академиялык кызматкерлер боюнча нускамасынын 9/(3) беренесинин с) пунктунда жана административдик кызматкерлер боюнча нускамасынын 11/(3) беренесинин с) пунктунда көрсөтүлгөн кыргыз тилинде сүйлөө жөндөмүн баалоочу сынак болуп саналат.

(2) Кыргыз тилинде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы кыргыз тилинде сүйлөө жана угуп түшүнүү бөлүктөрүнөн турат.

(3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган же кийин Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон университеттин толук ставкада иштеген административдик жана академиялык кызматкерлери сынакка кирүүгө милдеттүү.

(4) Мындан мурун университеттин тил билүү деңгээлин аныктоо сынагына кирип, аны ийгиликтүү тапшырган академиялык жана административдик кызматкерлер, чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунда кыргыз тилин үйрөткөн окутуучулар, адистиги кыргыз тили болгон, университеттин бүтүрүүчүсү болгон жана университеттин академиялык кызматкерлер боюнча нускамасынын 7-беренесинин алкагында иштеген академиялык кызматкерлер сынактан бошотулушат.

b) Түрк тилинде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы

(1) Түрк тилинде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы университеттин академиялык кызматкерлер боюнча нускамасынын 9/(3) беренесинин с) пунктунда жана административдик кызматкерлер боюнча нускамасынын 11/(3) беренесинин с) пунктунда көрсөтүлгөн түрк тилинде сүйлөө жөндөмүн баалоочу сынак болуп саналат.

(2) Түрк тилинде сүйлөө деңгээлин аныктоо сынагы түрк тилинде сүйлөө жана угуп түшүнүү бөлүктөрүнөн турат.

(3) Кыргыз Республикасынын жараны же кийин Түркия Республикасынын жарандыгына ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны университеттин толук ставкада иштеген административдик жана академиялык кызматкерлери сынакка кирүүгө милдеттүү.

(4) Мындан мурун университеттин тил билүү деңгээлин аныктоо сынагына кирип, аны ийгиликтүү тапшырган академиялык жана административдик кызматкерлер, чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунда түрк тилин үйрөткөн окутуучулар, адистиги түрк тили болгон, Түркия Республикасында билим алган жана университеттин бүтүрүүчүсү болгон академиялык кызматкерлер сынактан бошотулушат.

 

ТИЛДИ КОЛДОНУУ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО СЫНАГЫ

a) Кыргыз тилин колдонуу деңгээлин аныктоо сынагы

(1) Кыргыз тилин колдонуу деңгээлин аныктоо сынагы кыргыз тилинде сүйлөө, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу жүзүндө баяндоо жана оозеки жүзүндө баяндоо бөлүктөрүнөн турат.

(2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган же кийин Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган университеттин толук ставкада иштеген академиялык кызматкерлери сынакка катыша алышат.

b) Түрк тилин колдонуу деңгээлин аныктоо сынагы

(1) Түрк тилин колдонуу деңгээлин аныктоо сынагы түрк тилинде сүйлөө, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу жүзүндө баяндоо жана оозеки жүзүндө баяндоо бөлүктөрүнөн турат.

(2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган же кийин Түркия Республикасынын жарандыгын алган университеттин толук ставкада иштеген академиялык кызматкерлери сынакка катыша алышат.

 

Эскертүү:

  • Тилде сүйлөө деңгээли тууралуу сертификат алган кызматкер тиешелүү тилде сүйлөө боюнча талаптарды аткарды деп эсептелет.
  • Тил колдонуу деңгээли тууралуу сертификат тилде сүйлөө деңгээли тууралуу сертификаттын ордуна колдонулушу мүмкүн.
  • Тил колдонуу деңгээли тууралуу сертификаттын баллы 70-89ду түзгөн окутуучу сабак тапшырмаларын бул тилде бере алышат жана өздөрү жетекчи болгон бүтүрүүчү квалификациялык иштерди ушул тилде жаздыра алышат.
  • Тил боюнча баллы 90-100ду түзгөн окутуучу бардык окуу-тарбиялык жана илимий иш-чараларды ушул тилде жүргүзө алат.
  • Тил колдонуу деңгээли тууралуу сертификаттын академиялык ишмердүүлүктү баалоодо жана шыктандырууда эске алынышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруу боюнча нускамасы менен жөнгө салынат.

 

КТМУнин АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ

КТМУнин АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕР БОЮНЧА НУСКАМАСЫ

    Социалдык медиада бөлүшүү