2022-03-28

“КЫРГЫЗПАТЕНТ” МЕКЕМЕСИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ


2022-жылдын 24-мартында Кыргызпатенттин жооптуу кызматкерлерине «Патенттик анализ» темасында семинар берилди. Семинарды экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Серхат Бурмаоглу берди. Патенттик анализдин өзгөчө стратегиялык пландоодо кандайча анализ кылуу керек экендиги тууралуу кейстер аркылуу ар кайсы маалымат базалары тууралуу маалымат бөлүшүлдү жана ар кандай анализдер үчүн колдонулуучу инструменттер тууралуу сөз болду.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Кыргызпатенттин ортосундагы кызматташтыктын алкагында келечекте пландаштырылган иш-чаралардын катарында Кыргызпатенттин аналитикалык күчүн жогорулатуу үчүн негизги программалык камсыздоо жаатында семинарлар да бар.