2023-01-13

ЖАРЫЯ: ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДАМ РЕСУРСТАРЫ ОФИСИНИН ѲЛКѲ ИЧИНДЕ ПРАКТИКА ѲТҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ.


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика жана башкаруу факультетибиздин окуу программасындагы практиканын негизги максаты – студенттерибиздин теориялык сабактарда алган билимин иш жүзүндѳ тажрыйба аркылуу бекитип, карьера жаатында жол тандоолоруна ѳбѳлгѳ түзүү болуп саналат. Практика – студент менен иш берүүчүнүн ортосунда түздѳнтүз мамиле түзүп, иштеше баштоодогу алгачкы кадам болуп эсептелинет. Бир топ ишканалар практика мезгилинде ѳздѳрүнѳ ылайык кызматкерлерди тандап алышат да, окуу жайын бүтүп кеткенден соң, практика ѳткѳн ишканаларда жумушка орношкон бүтүрүүчүлѳрдүн да саны арбын. Анткени, ишканалар тааныш эмес кызматкерлерди алуунун ордуна, мурдатан билген, ишканаларында практика ѳткѳн кишилерди алууга аракет кылышат. Ушуга байланыштуу, окуу программабызда орун алган практиканын негизги максаттары жана студенттерибиздин практиканын натыйжасында ала турган жѳндѳмдүүлүктѳрдүн тизмеси тѳмѳндѳгүдѳй: 1. Корпоративдик башкаруу негиздерине жана заманбап технологияларга таянган мамлекеттик жана жеке менчик мекеме/ишканаларда практикалык, ишкердүүлүк жана технологиялар менен иштѳѳ тажрыйбасына ээ болуу; 2. Командада иштѳѳ түшүнүгүнѳ ээ болуу жана команданын бѳлүгү болууну үйрѳнүү; 3. Мекеме/ишкананын толук кандуу кызматкери катары иштѳѳ тажрыйбасына ээ болуу. Жогоруда белгиленген мүмкүнчүлүктѳрдү камтыган практика программалары практика ѳтүүгѳ шарт түзгѳн мекеме/ ишканаларга, ал жерде практика ѳткѳн студенттерибизге да пайдалуу болот деп ишенебиз. Ушундан улам, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин бѳлүмдѳрүнүн Түркия Республикасынын жарандары болгон же Түркия Республикасынын кѳк паспорту бар, орточо академиялык жетишкендик баллы 4түк система менен 2ден кем болбогон (же башка баалоо системасы менен ушуга дал келген) студенттер Түркия Республикасынын Адам ресурстары офисинин ѳлкѳ ичинде практика ѳтүү үчүн арыздарды кабыл алуу офиси – КАРЬЕРА ЭШИГИ: https://kariyerkapisi.cbiko.gov.tr/ulusalstajprogrami аркылуу арыздарын берип, практика ѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк алуу үчүн тиешелүү арыздарды эң кеч 2023-жылдын 18-январына чейин берүүлѳрү зарыл.  ДЕКАНАТ