2023-12-05


Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн бөлүм башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиева “Монологдун көркөм окуу сабагындагы орду” аттуу семинар өттү.


 Семинарда монологдун көркөм окуудагы орду теманын негизги өзөгүн түзүп, тема ар тараптуу кеңири ачылды.

Монолог окурманды ойлонууга жана алардын көңүлүн бир темага буруу үчүн колдонулат. Каармандын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканда анын ички дүйнөсүнө кирүүсү өзгөчө мааниге ээ болот. Монологдор кыялдарга, эскерүүгө, ой-жүгүртүүгө болгон психикалык процесстерге бөлүнөт.

 Семинарга  музыка бөлүмүнүн Ага окутуучу Ирфан Гурдал, ага окутуучу Таалайгүл Ташманбетова жана бөлүмдүн студенттери катышышты.