2026-11-06


Тарых бөлүмүндө «Кош келдиң, I курс!» аттуу иш-чара уюштурулду


2026-жылдын 5-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Тарых бөлүмүндө биринчи курстун студенттерине арналган салттуу «Кош келдиң, I курс!» аттуу иш-чара болуп өттү. Алгач бөлүмдүн окутуучулары тааныштырылып, алар биринчи курстун студенттерине ийгиликтерди каалап, акыл-насааттарын айтышты.

Бөлүм башчысы, профессор, доктор Жээнбек Алымбаев бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен тааныштырып, студенттик мезгилде тынымсыз изденүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде профессор, доктор Анварбек Мокеев студенттерге лекциялар менен гана чектелбестен, кошумча адабияттарды үзгүлтүксүз окуп турууну сунуштады. Ал эми профессор, доктор Незахат Жейлан тарых бөлүмү өткөн менен келечекти байланыштырган маанилүү бөлүм экендигин белгилеп, мыкты тарыхчы болуу үчүн талыкпай эмгектенүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Иш-чаранын негизги максаты — жаңы кабыл алынган студенттерди университеттин жана тарых бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, алардын студенттик жашоого тезирээк аралашуусуна көмөктөшүү жана өз ара достук мамилелерди чыңдоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге университеттин окуу процесси жана бөлүмдүн академиялык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, кызыктуу оюндар жана маданий-көңүл ачуучу программа уюштурулду. Мындай иш-чаралар биринчи курстун студенттеринин университеттик чөйрөгө көнүүсүнө, жаңы досторду табуусуна жана студенттик жашоосун жагымдуу эскерүүлөр менен баштоосуна өбөлгө түзөт.