2022-07-06


ЖАШ ТҮРКОЛОГДОРДУН IX ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ


ЖАШ ТҮРКОЛОГДОРДУН IX ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМУ

Урматтуу жаш илимпоздор жана изилдөөчүлөр,

Сиздерди 2022-жылдын 21-22-сентябрь күндөрү Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтө турган “Түрколог Тунжер Гүленсойдун жаркын элесине арналган Жаш түркологдордун IX эл аралык симпозиумуна” чакырабыз.

Тогузунчусу өткөрүлө турган симпозиум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмү жана Түрк тил уюмунун кызматташтыгы менен өткөрүлөт.

Симпозиум түркология тармагында билим алган магистранттардын, аспиранттардын жана жаш илимпоздордун бири-бири менен таанышуусун, илимий чөйрөгө аралашуусун, ошондой эле өз ара пикир алышуусун камсыз кылуу, тил илими, адабият, фольклор, тарых, этнография, археология, философия жана социология сыяктуу түркологиянын негизги маселелери боюнча келечекте илимий эмгектерди жаратууга түрткү берүүнү максаттайт.

Симпозиумга жогорку окуу жайларынын Түркология, тил илими, филология, адабият таануу сыяктуу багыттарында магистратура же докторантура программаларында билим алып жаткан жана бул тармактарда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан жаш илимпоздор баяндамалары менен катыша алат.

Симпозиум бетме-бет жана онлайн форматта өткөрүлмөкчү.

Толук маалымат: Маалымат

Катышуучу формасы: Форма

Байланыш адреси:

Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Гуманитардык факультет, Түркология бөлүмү

Чыңгыз Айтматов кампусу, Жал кичирайону, Бишкек

Тел.:+996(312) 49 27 85; 49 27 91, факс:+996 (312) 49 27 82 (деканат)

E-mail: gencturkolog9@gmail.com

 



Dosya 1