2023-05-30


"Дүйнөдөгү түрк тилдери" аттуу семинар


“Дүйнөдөгү түрк тилдери”

2023-жылдын 17-майында Түркология бөлүмүнүн окутуучусу Доц. Др. Эрдал Айдогмуштун “Дүйнөдөгү түрк тилдери” аттуу семинары болуп өттү. Гуманитардык факультеттин 229-жыйындар залында саат 16.00дө башталган семинарга бөлүмүбүздүн окутуучулары, студенттери жана башка коноктор катышышты. семинарда дүйнөнүн ар кайсы жеринде жашаган түрк элдери жана алардын тилдери тууралуу маалымат берилди. андан соң суроо-жооп бөлүмүндө Эрдал Айдогмуш берилген суроолорго жооп берип, семинардын аягында бардык катышуучулар сүрөткө түшүштү.