Урматтуу элибиз, кадырлуу академиктер жана ардактуу студенттер тарых кээ бир учурларды жөн гана жеңиш катары эмес, бир элдин жашоо үчүн болгон бекем эркинин эң күчтүү көрүнүшү катары эскерет. 1915-жылдын 18-мартында жетишилген Чанаккале жеңиши мына ушундай бурулуш учурлардын бири. Бул жеңиш аскердик ийгилик болуу менен бирге, ишенимдин, курмандыктын жана мекенге болгон сүйүүнүн тарыхка жазылган эң улуу көрүнүштөрүнүн бири болуп саналат.
Чанаккале — түрк элинин көз карандысыздыкка болгон бекем чечкиндүүлүгүн бүткүл дүйнөгө жарыялаган кайра жаралуу дастаны. Бул дастан ар кайсы аймактардан келген Түрк жана мусулман баатырларынын бир максат жана бир ишенимдин айланасында биригип, кандай күч жарата аларын көрсөтөт. Ушул жагынан алганда, Чанаккале түрк дүйнөсү үчүн да терең мааниге ээ. Анткени бул күрөш бир гана Анадолуну эмес, бүтүндөй руханий аймагыбызды коргоо болгон.
Чанаккале жеңиши эң оор шарттарда да элдердин тагдырын өзгөртө ала турган эрктин бар экенин далилдейт. Ошондуктан ал өткөндүн эстелиги гана эмес, бүгүнкү күндү түшүнүүгө жана келечекти курууга жол көрсөткөн күчтүү тарыхый мурас болуп эсептелет.
Бул маанилүү күнү, эң оболу Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаштары баш болгон, Чанаккале үчүн жанын берген ыйык шейиттерибизди терең ыраазычылык, урмат жана таазим менен эскерем. Алар бизге калтырган бул ыйык мурасты илим, биримдик жана жалпы баалуулуктар аркылуу мындан ары да бекемдөө — ар бирибиздин милдетибиз.
Чанаккале руху кечээ кандай болсо, бүгүн да түрк дүйнөсүнүн биримдик, тилектештик жана бир туугандык идеалдарынын эң күчтүү дем булагы бойдон кала берет.
Профессор Алпаслан Жейлан
КТМУнун ректору