Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлук конференцияларынын алкагында студенттер жана окумуштуулар менен жолуккан тарыхчы, Улуттук коргоо университетинин ректору, профессор Эрхан Афйонжу түрк элдеринин Орто Азиядан бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый өнүгүүсүн мамлекет салтын, аскердик уюшулуусун, цивилизациялык көз карашын жана институционалдык уланмалуулугун талдады.
Ал түрк тарыхын жөн гана жеңиштер жана согуштар менен түшүндүрүүгө болбой турганын белгилеп, түрк элинин тарых сахнасындагы негизги күчү-мамлекет түзүү жөндөмү, саясий уюшуу мүмкүнчүлүгү жана тарыхый туруктуулук жаратуу жөндөмү экенин баса белгиледи. Конференцияда Эрхан Афйонжу түрк элинин тарыхый өнүгүүсүн Орто Азиянын көчмөн талааларынан баштап, Селчук мамлекети, Осмон империясы жана Республика доорлоруна чейин камтып, кеңири алкакта изилдеп чыгып, түрк тарыхын «үзүлүүлөрдүн тарыхы» катары эмес, тескерисинче «кайра түзүлүүлөрдүн жана тарыхый уланмалуулуктун тарыхы» катары окуу керек экенин белгиледи.
Түрктөрдүн көтөрүлүшүндө аскердик күч менен катар мамлекеттик акыл да чечүүчү роль ойногон
Түрктөрдүн тарых сахнасына чыгышын тарыхый жана коомдук өңүттөрү менен талдап чыккан Эрхан Афйонжу, Орто Азиянын көчмөн талаалары түрк коомдорунун саясий мүнөзүн, согуштук мүмкүнчүлүгүн жана жашоо образын аныктаган негизги географиялык чөйрө болгонун белгиледи. Профессор талаа шарттары түрк элдеринде жогорку кыймылдуулукту, чыдамкайлыкты, тартиптүүлүктү жана ыкчам чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүргөнүн айтып, бул жашоо образы убакыттын өтүшү менен күчтүү аскердик маданияттын жана уюшуу түшүнүгүнүн калыптанышына алып келгенин билдирди. Түрктөрдүн тарых бою кеңири аймактарда таасирдүү болушунда атчан согуш ыкмаларынын чечүүчү роль ойногонун баса белгилеген профессор, айрыкча ат үстүндө ылдам кыймылдоо, күтүүсүз чабуул коюу, артка чегинүү жана кайра топтолуу сыяктуу тактикалар түрк коомдоруна согуш талаасында чоң артыкчылык бергенин түшүндүрдү. Ал бул аскердик жөндөм түрк элдеринин согушуу күчүн гана арттырбастан, ар түрдүү уруулардын жана коомдордун бирдиктүү саясий түзүлүш алдында биригишине да өбөлгө түзгөнүн кошумчалады.
Түрктөр ислам дүйнөсүндө негиздөөчү күчкө айланды
Түрк тарыхындагы эң маанилүү бурулуш учурлардын бири катары ислам динин кабыл алуу процессине көңүл бурган Эрхан Афйонжу, бул окуя түрк коомдору үчүн чоң цивилизациялык өзгөрүүгө алып келгенин белгиледи. Анын айтымында, бул процесс түрк элдеринин тарыхтагы ордун жөн гана диний өзгөрүү менен чектебестен, аларды мамлекет түзүү, саясий уюшуу жана цивилизация жаратуу жагынан жаңы деңгээлге чыгарган. Карахандар, Газнелилер жана Улуу Селчуктар аркылуу түрк элинин ислам дүйнөсүндөгү тарыхый ролун да талдаган Афйонжу, бул мезгилде түрк эли чек араларда согушкан коомдордон чыгып, ири саясий борборлорду түзгөн, кеңири аймактарда тартип орноткон жана ислам дүйнөсүнүн коопсуздугун камсыз кылган башкы күчкө айланганын айтты. Анын жыйынтыгында, бул тарыхый доор түрк элдери үчүн жаңы этап болуп, алар ислам дүйнөсүндө аскердик күчкө гана эмес, мамлекеттик башкаруу тажрыйбасына жана саясий акылга таянган негиздөөчү ролду аткарган.
Анадолунун мекенге айланышы — тарыхый бурулуш учур болуп саналат
Анадолунун түрк мекени болуп калыптанышына да токтолгон Эрхан Афйонжу Малазгирт согушунун жеңишин тарыхтагы бурулуш чекити катары баалады. Ал бул жеңиш согуш майданындагы жөн гана ийгилик болбостон, Анадолуда узак мөөнөттүү отурукташуу, калктын көчүүсү жана мамлекет түзүү процессине жол ачканын белгиледи. Анадолу Селжуктар мамлекети менен бирге түрк элдери көчмөн талаа маданиятынан келген саясий тажрыйбасын отурукташкан мамлекеттик башкаруу тажрыйбасы менен айкалыштырганын айткан профессор, бул мезгил Анадолунун географиялык гана эмес, маданий жактан да түбөлүк түрк мекени болуп калышында чечүүчү роль ойногонун баса белгиледи.
Осмон Империясынын күчтүү болушу — жеңиштерден көз каранды болгон эмес
Эрхан Афйонжу Осмон империясынын тарыхый ролуна баа берип, Осмон империясынын кеңейүүсүн жалаң гана жеңиштер менен түшүндүрүү жетишсиз болорун белгиледи. Анын айтымында, империянын өсүшү борбордук бийликти күчөткөн бюрократиялык түзүлүш, тартиптүү каржы системасы жана дисциплиналуу аскердик уюмга таянган. Ал ошондой эле Осмон империясынын көтөрүлүшүндө негизги фактор болуп мамлекеттик акыл жана күчтүү институтционалдык система турганын баса белгиледи. Мамлекеттин узак мөөнөттүү кубаты системалуу башкаруу түшүнүгү, каттоо маданияты жана каржылык көзөмөл механизмдери аркылуу сакталып келгенин айтты. Дефтер, тахрир жана архивдик тартип сыяктуу башкаруу ыкмалары ар кайсы аймактарда натыйжалуу башкарууну камсыз кылып, мамлекеттин туруктуулугун бекемдеген. Өз сөзундө Фатих Султан Мехмед дооруна да токтолгон профессор, Константинополдун багындырылышы учурунда колдонулган чоң көлөмдүү замбиректер жана курчоо технологиялары Осмон аскердик күчүндө чоң секирик жаратканын белгиледи. Бул технологиялык жаңылыктар салттуу согуш ыкмаларын өзгөртүп, мамлекеттин аскердик жана саясий мүмкүнчүлүгүн арттырып, империя деңгээлинде кеңейүүгө жол ачкан.
Түрк мамлекеттеринин ортосундагы биримдик — тарыхый зарылдык болуп эсептелет
Түрк мамлекеттеринин жакындашуусу тарыхый муктаждык экенине көңүл бурган Афйонжу, жалпы тарыхка ээ болгон өлкөлөр бүгүнкү күндү күчтүү куруу үчүн Түркия, Кыргызстан, Казакстан жана башка түрк республикаларынын ортосундагы мамилелерди институтционалдык, маданий жана академиялык деңгээлде дагы жогору көтөрүү зарылдыгын белгиледи. Түрк дүйнөсү бүгүн 7 көз карандысыз мамлекет жана болжол менен 250 миллион калктан туруп, кеңири аймакта тарыхый, маданий жана цивилизациялык байланыштар аркылуу кайрадан күч алып жатканын баса белгиледи. Афйонжу бул чоң потенциал өткөндөн калган мурас гана болбостон, келечекти калыптандыра турган стратегиялык мүмкүнчүлүк экенин айтты. Акыркы жылдары түрк мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык байланыштардын, билим берүү жана академия тармагындагы кызматташуулардын, маданий өз ара аракеттенүүлөрдүн жана жалпы институтционалдык түзүлүштөрдүн өсүшү бул өнүгүүнүн эң ачык көрсөткүчтөрү экенин белгиледи. Ал түрк дүйнөсү жалпы тарыхый эс тутумун сактоо менен билим, илим, экономика жана жаштар аркылуу дагы күчтүү биримдиктин негизин түзө аларын айтты.
Ректор Жейлан: “Тарых — элдердин эс-тутуму”
Ректорат тарабынан уюштурулган конференциялар алкагында белгилүү тарыхчы-академик Эрхан Афйонжуну студенттер жана окутуучулар менен жолуктурган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк тарыхына болгон кызыгууну арттырууну жана тарыхый аң-сезимди чыңдоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал Зия Пашанын «Тарых — эң чоң саясат мугалими» деген сөзүн эске салып, түрк тарыхы узак убакыт бою сырткы булактардын көз карашы менен окутулуп келгенин, ал эми акыркы мезгилде түрк дүйнөсүн өзүнүн ички өнүгүү мыйзам ченемдери менен талдай алган күчтүү тарыхчылар пайда болуп жатканын маанилүү жетишкендик катары белгиледи.
Ректор түрк тарыхын жазууда жергиликтүү көз караштын күчөшү жалпы тарыхый эс-тутумду кайра калыптандырууда чоң роль ойной турганын айтып, тарыхты билүү өткөндү үйрөнүү гана эмес, бүгүнкү күндү түшүнүү жана келечекти куруу үчүн да чечүүчү мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Биринчи проректор Алмаз Ибраев: “Бул сапар университет үчүн маанилүү жетишкендик”
Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУ биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Афйонжунун билим жана тарых жаатындагы тажрыйбасы, түрк дүйнөсүнүн жалпы эс-тутумун түшүнүү үчүн олуттуу салым кошконун баса белгиледи. Ал бул сапарды КТМУ үчүн академиялык жана институционалдык жактан баалуу жолугушуу катары баалады..
Профессор Эрхан Афйонжу ким?
Түрк тарыхынын белгилүү изилдөөчүсү, профессор Эрхан Афйонжу Токат шаарында төрөлгөн. Ал Мармара университетинин Ататүрк билим берүү факультетинин Тарых мугалимдиги бөлүмүн бүтүрүп, ошол эле университетте академиялык карьерасын баштаган. Жаңы доор тарыхы боюнча магистратура жана докторлук диссертациясын аяктап, 2014-жылы профессор наамын алган. Осмон тарыхы баштаган түрк тарыхынын ар кыл мезгилдери боюнча эмгектери менен таанылган Афйонжу Мармара университетинде бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2016-жылы Илимдер жана адабият факультетинин деканы болуп иштеп, ошол эле жылы Улуттук коргоо университетине ректор болуп дайындалган. Учурда бул кызматын улантып келе жаткан Афйонжу Түрк тарых коомунун толук мүчөсү. Анын көптөгөн илимий эмгектери ар кандай тилдерге которулуп, академиялык чөйрөдө жана коомчулукта кеңири таанылган.
Manas TV'nin Haberi: https://youtu.be/71yqdkzNBZw?si=Y2zjaLVActYY6N0g