КТМУ менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда биргелешкен жыйын өттү


  • 2026-10-21

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, профессор Нурзат Тотубаева баштаган делегацияны кабыл алды. Эки университеттин ортосунда өткөн биргелешкен жыйында академиялык кызматташтык, биргелешкен илимий изилдөө долбоорлору, студенттер менен окутуучулардын алмашуусу сыяктуу маселелер талкууланды.

Жыйынга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор Алмаз Ибраев, проректорлор Исмет Алтынташ жана Камалбек Карымшаков, башкы катчы Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле эки университеттин окумуштуулар жыйынынын мүчөлөрү катышты.

Жыйында эки университеттин профессордук-окутуучулук курамынын жана изилдөөчүлөрүнүн ортосунда биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, окутуучулар менен студенттердин өз ара алмашуусун уюштуруу, ошондой эле биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды. Мындан тышкары, илимий басылмаларды даярдоо жана бөлүшүү, спорт, искусство жана маданий иш-чаралар жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Профессор Алпаслан Жейлан: «Эки университеттин ортосунда бекем кызматташтыкты өнүктүрөбүз»

КТМУнун ректору, профессор  Алпаслан Жейлан Агрардык университеттин делегациясын «Манас» университетинде кабыл алып жатканына кубанычта экенин билдирип, эки мекеменин ортосундагы бир туугандык байланыштарга жана өз ара кызматташтыктын маанисине токтолду.

Ректор профессор Жейлан Агрардык университет Кыргызстандагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири экенин белгилегеп,  «Манас» университети биргелешкен иштерге салым кошууга даяр экенин айтты.

«Университетибиздин бардык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары Агрардык университеттин да мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары болуп саналат. Бизден эмне талап кылынса, аткарууга даярбыз», — деди.

Эки университеттин ортосунда өнүктүрүлө турган кызматташтык конкреттүү долбоорлор аркылуу бекемделерин белгилеген Жейлан Агрардык университет «Манас» университетинин башка жогорку окуу жайлар менен түзө турган байланыштарында алдыңкы орунга ээ болорун баса белгиледи. Ошондой эле биргелешкен иштер эки университет үчүн тең пайдалуу натыйжаларды берерине ишенерин билдирди.

Саясий и.к., доц. Алмаз Ибраев: «Жалпы мүмкүнчүлүктөрүбүздү өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн пайдалана алабыз»

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доц. Алмаз Ибраев эки университеттин академиялык тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

«Манас» университетинде да ветеринария жана айыл чарба багыттарында иштер жүргүзүлүп жатканын эске салган саясий и.к., доц. Ибраев, эки мекеме биргелешкен изилдөөлөрдүн жана академиялык долбоорлордун алкагында маанилүү салым кошо аларын айтты.

Ал айлана-чөйрө, жайыттар жана суу ресурстары сыяктуу тармактарда кездешкен көйгөйлөрдү чечүүдө университеттердин илимий потенциалын пайдаланууга болорун белгилеп, кызматташтык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого да өбөлгө түзөрүн билдирди.

Профессор Нурзат Тотубаева: «Бул жолугушууну жалпы максаттарга негизделген өнөктөштүк катары көрөм»

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, профессор Нурзат Тотубаева «Манас» университети анын академиялык жана кесиптик жашоосунда маанилүү орунду ээлерин белгилеп, бул университетте алган тажрыйбасы өзү үчүн баалуу экенин айтты.

Эки университеттин ортосундагы байланыштар жаңы илимий долбоорлорду ишке ашырууга, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүүгө негиз түзөрүнө ишенерин билдирген Тотубаева «Манас» университетинин эл аралык тажрыйбасы менен академиялык мүмкүнчүлүктөрү Агрардык университеттин айыл чарба тармагындагы илимий жана билим берүү потенциалын толуктай аларын белгиледи.

Тотубаева эки мекеменин ортосундагы өнөктөштүк Кыргызстандын илим жана билим берүү тармактарынын өнүгүшүнө салым кошуусун, кызматташтык көп жылдар бою жемиштүү натыйжаларды беришин каалады.

Делегация «Манас» университетинин академиялык бөлүмдөрү менен таанышты

Биргелешкен окумуштуулар жыйынынан кийин профессор Нурзат Тотубаева жана аны коштоп келген делегация «Манас» университетинин академиялык бөлүмдөрүн кыдырып, окуу жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация факультеттер тууралуу маалымат алып, университеттин академиялык түзүмү, жүргүзүлүп жаткан иштер жана ар түрдүү багыттар боюнча билим берүү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алышты.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү