Батыш тилдер бөлүмү (англис тили жана адабияты бөлүмү) 2007-2008-окуу жылында түзүлгөн. Бөлүм “Филология” багыты боюнча бакалавр бүтүрүүчүлөрүн даярдайт. Университетте окутуу Европалык которуу системасы жана кредиттерин топтоо (ECTS) эрежелеринин негизинде жүргүзүлөт. Бул студенттердин Турция университеттеринде алмашуу программаларынын негизинде жарым семестр же толук бир жылдык окуу жылында окуп келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай тажрыйба алмашуу программаларына катышып келүү студенттердин башка өлкөнү терең билүү, чет тилин андан ары өркүндөтүүсүнө мүмкүндүк берет.

Англис тили жана адабияты программасынын максаты салттык жана заманбап англис маданиятын, ошондой эле дүйнө элдеринин эң мыкты баалуулуктарын сын көз менен өздөштүрүп, жалпы адамзаттын билим, илим, маданият жана саясатынын өөрчүшүнө салым кошо турган билимге ээ жана аны эффективдүү колдоно алган жогорку квалификациядагы англис тилчи жана адабиятчыларын даярдоо болуп эсептелет. Бул бөлүмдө Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттарынын маданияты, адабияты жана тилдин теориялык суроолору окутулат. Студенттер негизги англис тилинен башка орус жана немис тилдерин да окушат.

Батыш тилдер бөлүмүнүн башчысы – проф., ф.и.д. Чолпон Найманова. Батыш тилдер бөлүмүнүн 531000 «Филология» (Англис тили жана адабияты программасы) адистиги боюнча жогорку билимдүү (бакалавр) адистерди окутуу программасында окуу жүктөмүнө ылайык профессордук-окутуучулук курамынын илимдин докторлору жана кандидаттары түзөт: профессор PhD Ахмет Беше, ага окутуучу, ф.и.к. Калиева К. А., ага окутуучу, ф.и.к. Бектурова А.А., ага окутуучу, ф.и.к. Чыманова Ж. Ж., окутуучу Байгобылова Г.А.

Батыш тилдери бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы “Тилди жана адабиятты өздөштүрүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана өнүктүрүү” илимий багытынын негизинде иш алып барууда: типологиялык жана салыштырма тил илими; когнитивдүү лингвистика; тилди үйрөнүүнүн дискурсивдүү аспектиси; көркөм текстти интерпретациялоо; салыштырма адабият; чет тилдерин окутуудагы инновациялык технологияны колдонуу.

Бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы 8 китеп, 30дан ашык илимий макалаларды жарыялап,  алар Кыргызстанда, Казакстанда, Түркияда, АКШда, Венгрияда болуп өткөн улуттук жана улуттар аралык конференция, симпозиум жана конгресстерде окулду. Бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы ар түрдүү семинарларды АКШ, Канада, Германия, Турция, Гонконг өлкөлөрүнүн окумуштуулары менен бирдикте өз убагы менен уюштуруп турат.

Бөлүмдүн профессордук-окутуучулук курамы тажрыйба алмашуу программаларына активдүү катышууда: Найманова Ч.К. (Фулбрайт программасы "Америка таануу: Америка адабияты (Афро-америкалык адабият», Вашингтон университети, Сиэттл ш., АКШ, 1996-1997); Калиева К.А. (АКШ Институндагы Азыркы Америка Адабиятын үйрөнүү боюнча программа, Луизвилль Университети, Маданий жана билим берүү бюросу, Вашингтон, ДС. Июнь –август, 2011-ж); (АКШнын Билим алуу жана алмашуу программасынын негизинде уюштурулган “Фулбрайттын илимий изилдөөчү стипендиялык программасы, Вашингтон, ДС. Массачусетс университети, Бостон, АКШ, 2014-2015 окуу жылы,); Чыманова Ж.Ж. (Ж.Баласагына ат. КУУ программасы, "Тил теориясы", Лингвистикалык университет, Москва ш., Россия, 2006).