2023-04-06


100 жылдыгына арналган II. Студенттик илимий конференция (04 апрель 2023)


2023-жылдын 4-апрелинде, Түркия Республикасынын курулганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү тарабынан «Кыргызстан гастрономиялык туризминин абалы жана мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы II. Студенттик илимий конференция  өткөрүлдү. Факультеттин деканы проф. др. Ясин Бойлунун жана бөлүмдүн башчысы т.и.к., проф. Нурудин Кыдыралиевдин ачылыш сөздөрүнөн кийин бөлүм студенттери Кыргызстандын коомдук тамактануу жана гастрономиялык туризм көйгөйлөрүнө арналган 17 илимий доклад жасашты. Эң мыкты деп саналган үч доклад үчүн сыйлыктар тапшырылды жана студенттик илимий иштерди мындан ары илгерилетүү жөнүндө сунуштар берилди.