2023-07-10


Кыргызстан Курорттор Ассоциациясы менен кызматташуу жана "Курорттук медицина" форумуна катышуу


Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Кыргызстан Курорттор Ассоциациясы ортосунда кызматташуу протоколуна 2023-жылдын 20-июнунда кол колду. Протоколдун алкагында 30-июндан 01-июлга чейин өткөн "Курорттук медицина" форумуна "Кардарга багытталган кызмат" темасында презентация жасоо жана эл аралык эксперттер менен маалымат алмашуу максатында, Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнөн ага окутуучу Кымбат Асанова жана кенже илимий кызматкер Ибрахим Гүндогду катышты. 
Андан тышкары университетибиз менен болгон эки тараптуу кызматташтыктын алкагында 2023-жылдын 3-7 июлунда ассоциацияга мүчө болгон курорттук-санатордук мекемелердин кызматкерлерине тренингдер өткөрүлдү.