2023-09-29


Бүткүл дүйнѳлүк туризм күнү белгиленди (27-сентябрь 2023


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 27-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата жана Түркия Республикасынын 100 жылдыгына арналган “Туруктуу туризм” аттуу илимий-практикалык жыйын болуп ѳттү.

Иш-чаранын алкагында “Түркия кыргыз журналисттердин кѳзү менен” деген аталышта сүрѳт кѳзмѳсү да уюштурулду. Кѳргѳзмѳдѳ кыргыз журналисттеринин Түркиянын тарыхый жана туристтик жерлерин чагылдырган фотосүрѳттѳрү коюлган.

Иш-чара окуу жайдын туризм факультети тарабынан уюштурулуп, ага университет жетекчилери, Кыргызстан жана Түркиянын туризм тармагынын ѳкүлдѳрү жана студенттер катышты.

Илимий иш-чара туризм тармагынын учурдагы жетишкендиктери менен келечегине тиешелүү алдыңкы тажрыйбалар жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору боюнча пикир алмашуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм потенциалын ишке ашырууда Түркиянын эл аралык туризмдеги ээлген орду менен топтогон бай тажрыйбасын үйрөнүү жана пайдалануу жолдору менен эки боордош өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү максатын кѳздѳдү.

Иш-чаранын ачылыш бѳлүгүндѳ туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу туризм тармагы дүйнѳ жүзү боюнча маданий жана табигый мурастарды сактоодо ѳзгѳчѳ ролду ойной турганын жана жакынкы арада дүйнөлүк туризм уюму экологияга аяр мамиле кылууга басым жасарын айтып, Бүткүл дүйнѳлүк туризм күнү менен куттуктады.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин басма сѳз боюнча кеңешчиси Халит Гүлшен элчиликтин атынан Бүткүл дүйнѳлүк туризм күнү менен куттуктап, дүйнө жүзү боюнча курчап турган чөйрөнү коргоо жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Экомика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова сѳзүн “Манас” университетинин артыкчылыктарын айтуу менен баштады: «Кыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргызстанда эң алдыңкы үлгѳлүү мыкты университет болуп саналат.  Бул окуу жай Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун бекемделишине, маданияттардын биригишине из калтырып келе жаткан ѳзгѳчѳ университет болуп эсептелет. Биз кѳп жылдан бери кызматташып келе жатабыз. Ѳзгѳчѳ туризм тармагында маанилүү өнөктөшүбүз. Университет менен бир канча долбоорлорду түзгѳнбүз. Келечекте балдарымдын ушул окуу жайда билим алуусун каалайм», - деп иш-чаранын жыйынтыгы менен дагы көп ийгиликтерди багындырабыз деген ишенимин билдирди.

«Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: «Баарыңыздарды бүгүнкү Бүткүл дүйнѳлүк туризм күнү менен куттуктайм. Кыргызстандын табияты өзгөчө кооз, аны дүйнөгө таанытуу керек. Ал үчүн жаштарыбызга татыктуу жана жеткиликтүү билим беришибиз керек. «Манас» университетинин туризм факультетинин кадыр-баркын көтөрүп, жаштарыбызга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип келе жаткан мугалимдерибиздин эмгеги зор. Биздин сүйүктүү студенттерибизге кайрыла кетейин, силер биз үчүн аябай маанилүүсүңөр. Биз студенттерибиздин ѳнүгүүсү жана билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгѳ колдон келген аракетти жасайбыз», - деди ректор.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин туризм тармагында кызматташкан демѳѳрчүлѳргѳ жана жыйындын баяндамачыларына ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Иш-чаранын экинчи бѳлүгү панелдик жыйын менен уланды. Анда Хажы Байрам Вели университетинин туризм факультетинин профессор Невзат Айпек модераторлук кылды.

Кыргыз Республикасынын Экомика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова, Кыргызстан курорттор ассоциациясынын президенти Л.Батырбекова, Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын президенти Салтанат Мидин кызы жана Туризмде мейманкана жетекчилери ассоциациясынын ардактуу тѳрагасы Алижан Аксу баяндама жасашып, туризм секторундагы жаңылыктар жана ошондой эле Кыргызстанда туризм секторунун азыркы мезгилдеги абалы, өнүгүшү жана учурда туризм тармагында адистерди даярдоодогу артыкчылыктар жана кемчиликтер туурасында ойлору менен бөлүшүштү.

Эске салсак, жыл сайын Туризмдин дүйнөлүк күнүн белгилеп туруу чечими Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан 1980-жылы 27-сентябрда кабыл алынган. Бул майрам быйыл 43-ирет белгиленип жатат.

Haberin videosu:  https://www.youtube.com/watch?feature=shared&v=hZhO2-I7Nfo