2024-03-13


Бош убакытты жана эс алуунун келечектеги тенденциялары өткөрүлдү (2024-жылдын 7-8-марты)


Анкара Хажы Байрам Вели университетинин туризм факультети тарабынан университетибиз менен биргеликте экинчи жолу уюштурулган «Бош убакыт жана эс алуунун келечектеги тенденциялары» аттуу конгресс 7-8-март күндөрү онлайн режиминде өткөрүлдү. Конгрессти уюштурууда; Кыргызстан-Түрк «Манас» университетинен тышкары Азербайжан мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Мингачевир мамлекеттик университети менен кызматташтык түзүлдү. Ректорубуз Проф. Dr. Алпаслан ЖЕЙЛАН Конгресстин ачылышында; Анкара Хажы Байрам Вели университетинин ректору Проф. Dr. М.Нажы Бостанжыга ыраазычылык менен баштаган сөзүндө Манас университети катары; илим, билим жана өндүрүш үчүн гана эмес, жаштар, келечек муундар үчүн да; спорт, маданият жана искусствого маани берилерин жана университетибиз мындай илимий уюмдарга ар дайым колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Кошумчалай кетсек, конгресстин биринчи күнүндө факультетибиздин деканынын орун басары доц.м.а. Dr. Модератор - Туризм жана мейманкана иштетүү кафедрасынын окутуучусу Нарынгүл Маргазиева. Туристтик дестинациялардын маркетинги боюнча «негизги баяндамачы» сессиясын Кымбат Асанова өткөрдү.