2024-06-11
Факультетибиздин окутуучулары Сапаргүл Турдубекова жана Кымбат Асанова 2024-жылдын 7-8-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Эл аралык туристтик жарманке 'Issyk-Kul ITF - 2024' форумуна келишти. Сапаргүл Турдубекованын “Кыргызстандын гастрономия картасы” жана Кымбат Асанованын “Туристтик продукцияны таңгактоо өнөрү” деген презентациялары катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты. Кошумчалай кетсек, Кымбат Асанова «Турак жай ишканаларындагы автоматташтыруу» аттуу панелдин модератору болду. Быйыл 16-ирет өткөрүлгөн Эл аралык туризм жарманкеси 120дан ашуун туризм сектору фирмасын жана 3 миңден ашуун зыяратчыны кабыл алды.