2024-12-02


Бутик мейманкана иштетүү боюнча окутуу (2024-жылдын 25–29-ноябры)


Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (TİKA), Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги, Кыргыз туроператорлор ассоциациясы (KATO) жана факультетибиздин кызматташтыгынын алкагында 2024-жылдын 25–29-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө “Бутик мейманкана иштетүү” боюнча окутуу уюштурулду. Факультетибиздин окутуучуларынын кеңешчилиги менен өткөрүлгөн жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу Антальядагы мектептерден келген мугалимдер тарабынан берилген окутууга Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан мейманкана кызматкерлери катышты.