2025-02-05
2025-жылдын 14-январында Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн башчысы, профессор Нурудин Кыдыралиев Туризм факультетинин окутуучулары, докторанттары, магистранттары катышкан семинарда “Илим-изилдөө макалаларын жазууда көңүл буруу керек болгон маселелер” аталыштагы доклад жасады.
Семинарда «Сервис», «Туризм», «Мейманкана иши» багыттарындагы РИНЦ боюнча импакт-фактору 0,3 төн жогору болгон илимий журналдар жөнүндө маалымат берилип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын Илимий макалалардын маанилүүлүгүн караган учурлары талкууланды.