2025-09-26


Факультетибизде “Ашкана маданияты” семинары жана “Осмон ашканасы” мастер-классы өткөрүлдү (24-25-сентябрь, 2025-жыл)


2025-жылдын 24–25-сентябрында факультетибизде Erasmus  алмашуу программасынын алкагында Анадолу университетинен келген доц.д-р. Осман Гүлдемирдин катышуусу менен эки маанилүү иш-чара болуп өттү. 
Иш-чаранын биринчи күнүндө “Өтмүштөн учурга чейинки ашкана маданияты” аттуу семинарда ашкана маданиятынын тарыхый өнүгүүсү жана бүгүнкү күндөгү мааниси талкууланды. Экинчи күнү уюштурулган “Осмон ашканасы” мастер-классында болсо Осмон дооруна таандык өзгөчө даамдар практика жүзүндө таанытылды.
Мастер-класс программасы ректорубуз жана ошол эле учурда факультетибиздин декан м.а., проф., док. Алпаслан Жейландын катышуусу менен өттү. Иш-чаранын соңунда доц. д-р Осман Гүлдемирге кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчасы жана “Түрк дүйнөсүнүн ашканасы” китеби тапшырылды.