2021-12-10


Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу: "Кыргызстандын туризм секторунда карьера мүмкүнчүлүктөрү" семинары (09.12.2021)


2021-жылдын 9-декабрында Касым Тыныстанов атындагы конференц-залда факультетибиздин Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмү тарабынан “Кыргызстандын туризм секторунда карьера мүмкүнчүлүктөрү” аттуу семинар болуп өттү. Туризм факультетинин деканынын орун басары проф. Dr. Ясин Бойлунун ачылыш сөзү менен башталган иш-чарага бүтүрүүчүбүз Ambassador жана Solutel мейманканаларынын башкы менеджери Эльдар Шабданов баяндамачы катары катышты. Факультетибиз жана студенттерибиз чоң кызыгуусу менен коштолгон семинарда Шабдановдун баяндамасынан кийин суроо-жооп менен жыйынтыкталды.