2022-06-09


2021-2022-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү менен коштошуу жолугушуусу


2022-жылдын 8-июнунда КТМУнун Туризм факультетинин 2021-2022-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү тарабынан «Факультеттин жамаатына ыраазычылык билдирүү» иш –чарасы уюштурулду. Аталган иш-чарада академиялык жана административдик кызматкерлер бүтүрүүчүлөргө ак жол жана каалоо-тилектерин айтышып, бүтүрүүчүлөрдүн атынан Самарбек кызы Айтурган өз сөзүндө факультеттин жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирүү менен алардын эмгеги жана сабырдуулугу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Иш-чарада бүтүрүүчүлөрдүн жана студенттердин салымы менен алынган ноутбук Туризм факультетине белекке берилди.