2019-11-26


"ЖАЙГАШТЫРУУ ИШКАНАЛАРЫНЫН КЛАССИФИКАЦИЯСЫ» ЧОГУЛУШУ


Кыргыз Республикасынын Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин жыйын салонунда 22-октябрь 2019-жылы Дүйнөлүк Туризм уюмунун (UNWTO) эксперти Egle LIŽAITYTĖ нин катышуусу менен "Жайгаштыруу ишканаларынын классификациясы» темасында чогулуш уюштурулду. Чогулушка «Кыргызстанда иштеген жайгаштыруу ишканалардын өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана классификация (жиктеме) стандарттарын иштеп чыгуу» долбоорунун координатору, Туризм жана мейманкана иши бөлүмүнүн башчысы доц. Эркан Акгөз менен долбоордун изилдөөчүсү, ага окутуучу, Асанова Кымбат катышты. Чогулушта UNWTOнун эксперти, урматту Egle LIŽAITYTĖ айым долбоордун жыйынтыгында сунушталган жиктөө модели сапаттуу деңгээлде аткарылгандыгын жана Кыргызстан үчүн иштелип чыга турган жаңы жиктөө системасында колдонулуусу ыңгайлуу болгонун белгиледи.