2019-11-26


УНИВЕРСИТЕТ ЖАНА HOTEL LINKAGE КЫЗМАТТАШТЫГЫ


Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүнүн чакыруусу менен Кыргызстанга келген «Hotel Linkage” ишканасынан Эрхан Кая Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрүнө «Sheraton Bishkek» мейманканасында 14 ноябрь 2019-жылы технологиялык инновациялар жана тармакка тийиштүү өзгөрүүлөр тууралуу семинар өткөрдү. HoReCa Club ассоциациясы менен биргелешип уюштурулган иш чарага жайгаштыруу ишканаларынын жетекчилери менен ээлери катышышты.